Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

БАШТАЛЫШТАР
(pdf, doc)

Жакыптын Египетке көчүп келиши
(46:1-7)

Ошентип Исраил колунда барын бүт алып, Вирсавияга келди да атасы Исхак сыйынган Кудайга курмандык чалды. Түндө Кудай ага келип:

— Жакып! Жакып! — деди.

— Кулак сизде, Эгем! — деди Исраил.

— Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын, Египетке баргандан коркпо, анткени ал жерден сенин уругуңдан улуу эл жаратам. Мен Египетке сени менен барам, анан өзүм кайра андан алып чыгам. Жусуп өз колу менен сенин көзүңдү жабат.

Жакып Вирсавиядан жолго аттанды. Балдары фараон жиберген арабаларга атасын, балдарын, аялдарын салып, Кананда тапкан мал-мүлкүн алып Египетке келишти. Ошентип Жакып бүт урук-тукуму менен Египетке келди. Уул-кыздарын, неберелерин, бүт урук тукумун өзү менен бирге Египетке алыпкелди. Төмөндө ошолордун санжырасы берилди:

Жакыптын Египетке келген урпактарынын тизмеси
(46:9-27)

Жакыптын туну Рубим.

Рубимдин балдары: Ханох менен ФКудай, Хецрон менен Харми.

Ысмандын балдары: Емуил, Ямин, Огад, Иахин, Цохар, Канандык аялынан төрөлгөн Саул.

Левийдин балдары: Гирсон, Кааф жана Мерари.

Яхуддун балдары: Ир, Онан, Шела, Фарес, Зара; бирок Ир менен Онан Кананда каза болушкан.

Фарестин Есром жана Хамул деген балдары болгон.

Иссахардын балдыры: Фола, Фува, Аюб, Шимрон.

Завулондун балдары: Серед, Елон, Яхлеил.

Жакыптын Месопотамиядан Лиядан көргөн балдары ушулар. Дина деген кызы да бар эле. Уул-кыздарынын саны бардыгы болуп отуз үч.

Гаддын балдары: Цифион, Хагги, Шуни, Эцбон, Ери, Ароди жана Арели.

Асирдин балдары: Имна, Ишва, Ишви, Бриа жана алардын карындашы Серах.

Бриадан: Хевер, Малхиил.

Булар Лабан кызы Лияга кызмат кылуу үчүн энчилеп берген Зелфадан көргөн

Жакыптын балдары. Баары болуп он алты адам.

Жакыптын Рахила деген аялынан: Жусуп жана Бенжамин.

Жусуп Египеттеги Гелиополис деген шаардагы диний кызматкер Потифардын кызы Асенафадан көргөн балдарынын аты: Манас менен Ефрем.

Бенжаминдин балдары: Бела, Бехер, Ашбел, Гера, Нааман, Эхи, Рош, Муппим, Хуппим, Ард.

Булар Жакыптын Рахилден көргөн балдары. Бардыгы болуп он төрт киши.

Дандан: Хушим.

Неффалимден: Яхсеил, Гуни, Ясер, Шиллем.

Булар Лабан кызы Рахилге берген ВКудайдан көргөн Жакыптын балдары. Баары болуп 7 киши.

Аялдарынан сырткары Жакыптын Египетке келген уул-кыздарынын жалпы саны алтымыш алты.

Египетте Жусуп эки уулдуу болду. Египетке келген Жакыптын бүт үй-бүлөсүнүн саны жетимиш адам эле.

Жусуптун кеңеши
(46:28-34)

Гесемге барчу жолду көрсөтүп берсин деп, Жакып Яхудду алдын ала Жусупка жиберди. Ошентип, баары Гесемге да жетип калышты. Жусуп өзүнүн арабасын даярдап, атасын Гесемден тосуп чыкты. Көрүп, мойнуна асылып, шолоктоп ыйлады. Исраил Жусупка: "Тирүү экенсиң, жүзүңдү көзүм көрдү, эми өлсөм мейли", — деди. "Мен барып фараонго айтайын, — деди Жусуп атасына жана анын бүт үй-бүлөсүнө, — Кананда жашаган бир туугандарым жана атамдын бүт үй-бүлөсү мага келишти. Алар чабандар, бүт малын айдай келишиптир дейин. Эгер ал силерди чакырып, кесибиңер тууралуу сурап кала турган болсо: "Биз, кулдарыңыз, ата-бабаларыбыз сыяктуу эле бармактайыбыздан тартып мал баккан адамдарбыз", — дегиле. Ошондо силерди Гесемге жайгаштырат, анткени египеттиктер үчүн чабан аттуунун баары пас, жийиркеничтүү эсептелет".

Жакыптын фараонго батасын бериши
(47:1-11)

Жусуп фараонго келип: "Атам менен бир туугандарым Канандан колунда болгон бардык малын айдап келип калышты, азыр Гесемде", — деп кабарлады. Анан бир туугандарынан бешөөн алып, фараондун алдына алып келди. Фараон алардан:

— Кесибиңер эмне? — деп сурады.

    - Биз, кулдарыңыз, ата-бабаларыбыз сыяктуу эле чабан болобуз, — деп жооп беришти алар, - Кананда катуу жут болуп, малыбызга от жок болгондугунан ушул жерде жашай туралы деп келдик. Кулдарыңызга Гесемде жашаганга урусаат бериңиз. Фараон Жусупка карап:

— Атаң менен бир туугандарың сага келишти, Египет жери сенин колуңда, аларды эң мыкты жерине жайгаштыр. Гесемде жашаганга уруксаат бер. Эгер арасында жөндөмдүүлөрүн билсең менин малыма көзөмөлчү кылып кой, — деди.

Жусуп атасын алып келип, фараон менен тааныштырды. Жакып фараонго батасын берди.

— Канчага келдиңиз? — деп сурады фараон андан. Жакып:

— Жүз отуз жыл жер кезип жүрөм. Аз жашап, көп кыйынчылыктарды көрдүм, ата-бабаларымдын курагына жетпедим, — деди да фараонго батасын берип, андан чыгып кетти.

Ошентип Жусуп атасы менен бир туугандарын Египетке жайгаштырып, фараондун буйругуна жараша Египеттин эң мыкты жери — Раамсес аймагынан энчи бөлүп берди.

Атасын, бир туугандарын, атасынын бүт үй-бүлөсүн керектөөсүнө жараша үзбөй азык менен камсыздап турду.

Ачарчылык
(47:13-26)

Бүт жер бетинде дан-азык калбай, ачарчылык абдан күчөдү, Египет жери да, Канан жери да каатчылыктан кабыргасы кайышты. Жусуп дан сатып, Египет менен Канандын бардык акчасын баарын жыйнап алды да фараон жашаган хансарайга алып кирди. Египетте да, Кананда да акча калбады. Ошондо бүткүл египет эли Жусупка келишип:

— Бизге азык бер, көз алдыңда өлгөнүбүздөн не пайда, акчабыз болсо түгөндү, — дешти. Жусуп:

— Акчаңар түгөнсө малыңарды айдап келгиле, данды малыңарга алмаштырам, — деп жооп берди. Ошентип алар эми малдарын айдап келип жатышты. Жусуп бир жыл бою жылкыларына, майда малына, кара малына, эшектерине дан алмаштырып, аларды камсыз кылып турду. Эми аларда мал да калбады. Ошондо тигилер дагы келишип:

— Таксыр, ачыгын айтсак, акчабыз калбады, бүт малыбыз да сизге өттү. Тулку боюбуз менен менчик жерибизден башка эч нерсебиз калбады. Көз алдыңызда өзүбүз да, жерибиз да куураганынан не пайда? Жерибиз менен кошо өзүбүздү дан-азыкка сатып алыңыз да бизге урук бериңиз. Ачкадан өлүп, египет жери каңгырап ээн калгандан көрө жерибиз менен бирге фараонго кул бололу, — дешти. Ошондо Жусуп бүткүл Египет жерин фараон үчүн сатып алды. Ачарчылыктан жабыркаган египеттиктер жерлеринин баарын сатышты. Жердин баары фараондун карамагына өттү. Египеттин бүт элин Жусуп кул кылды. Диний кызматкерлердин гана жерине тийген жок, анткени аларга фараондон жер бөлүнүп, ошондон азыктанышчу. Ошол себептен алар жерлерин сатышкан жок. Анан Жусуп элге айтты:

— Мен өзүңөрдү да, жериңерди да фараонго сатып бердим. Мына урук, алгыла, сепкиле. Оргонуңарда түшүмдүн бештен бир бөлүгүн фараонго бересиңер да калганын уруктукка, бала-чакаңарга жана башка үйүңөрдө жашагандарга сарптагыла.

— Таксыр, сиз бизди сактап калдыңыз, сиздин ырайымыңызга ээ бололу, а фараонго кул бололу, — деди эл.

Ошентип, Жусуп Египет жеринде түшүмдүн бештен бирин фараонго бериш керек деген мыйзам киргизди. (Ал мыйзам ушул китеп жазылып жаткан убакта да иштеп турган). Бул мыйзам диний кызматкерлердин гана жерине тиешеси жок эле, анткени алардын жери фараонго сатылган эмес.

Жакыптыр керээзи
(47:27-31)

Исраил Гесемде өмүр сүрүп, ээлик кылып, бала-чакасы өсүп-өнүп абдан көбөйүп кетти. Жакып Египетте он жети жыл жашады. Жүз кырк жети жашка келди. О дүйнө кетер маалы жакындап калганын сезгенде уулу Жусупту чакырып алып, ага мындай деди:

— Көңүлүңдөн орун тапкан болсом, колуңду тиземе коюп, ырайым этип, ишеним көрсөтүп, сөөгүмдү Египетке койбоймун деп ант бер. Ата-бабаларымдын жанына жатайын. Бул жактан алып чыгып, ошолордун мүрзөсүнө көм, — деди. Жусуп:

— Айтканыңыздай кылам, — деди. Ошондо Жакып:

— Ант бер, — деди. Жусуп ант берди. Ошондо Исраил төшөгүнүн баш жагына туруп, баласы Жусупка таазим кылды.

Жакыптын Ефрем менен Манаска батасын бериши
(48:1-22)

Бир күнү Жусупка атасынын ооруп жатканы тууралуу кабар жеткирилди. Жусуп эки баласы Манас менен Ефремди алып, атасынын алдына жөнөдү. "Уулуңуз Жусуп келе жатат" деген кабарды уккан Жакып, күчүн жыйнап, төшөгүнө олтурду. Жусуп келгенде ага мындай деди:

— Кудуреттүү Кудай Канан жергесиндеги Лузда көзүмө көрүнүп, батасын берген. Анан айткан: "Мен сенин укум-тукумуңду абдан көп кылам, көптөгөн элдерди чыгарам, сен өлгөндө ушул жерди урпактарыңа түбөлүккө мураска берем. Азыр болсо Египетке сага келгенге чейинки төрөлгөн эки балаң меники болот. Рубим менен Ысман сыяктуу эле Ефрем менен Манас меники болушат. Кийинки балдарың сага калат, өз энчисине алыша турган жерде бир туугандарынын аттарынын алдында аталышат... Рахила Месопотамиядан келе жатканымда Ефрафага бир аз жетпей жолдо көз жумган болчу. Сөөгүн ошол жерге койгом. (Ефрафа азыр Бетлехем деп аталат).

Исраил Жусуптун балдарын көрүп:

— Булар кимдер? — деп сурады. Жусуп:

— Менин балдарым, Кудай мага ушул жерден ушуларды берди, — деп жооп берди.

— Бери алып келчи, батамды берейин, — деди Жакып. Карылыктан көзү начарлап, даана көрө албай калган эле. Жусуп балдарын алып келгенде, Жакып алардын бетинен сүйүп, кучагына кысты. "Сенин өзүңдүн жүзүңдү көргөндөн түңүлүп калган элем, Кудай мага балдарыңды да көрсөтүп олтурат" деди ал. Жусуп атасынын тизесинде олтурган балдарын алып, жерге жете баштарын ийип таазим кылды. Анан эки баласын тең жетелеп, Ефремди Исраилдин сол колуна туштап оң колунан алып, ал эми Манасты болсо оң колуна туштап, сол колунан алып, атасына жакын алып келди. Бирок Исраил оң колун созуп, кичүүсү болгонуна карабай Ефремдин башына, ал эми сол колун Манастын башына койду. Манас Жусуптун тун баласы экенине карабай атайын ушундай кылды. Анан Жусупка карап туруп, мындай деп бата тиледи:

— Аталарым Ибрайым менен Исхак сыйынган, ушул убакка, ушул күнгө чейин мени кайтарып, багып келген Кудай, башымды ар кандай жамандыктан куткаруучу Периште ушул балдарга батасын берсин. Менин жана менин ата-бабаларым Ибрайым менен Исхактын аттары менен аталышсын. Жер бетинде өркөнү өсүп, көбөйүшсүн.

Жусуп атасы оң колун Ефремге койгонун көрүп, капа болду. Ефремдин башынан Манастыкына которуп коюу үчүн атасынын колун кармап:

— Ата, мындай эмес, тун балам мунусу, оң колуңузду ушунун башына коюңуз, — деди. Бирок атасы:

— Билем, уулум, билем. Андан да улуу эл жаралат, бирок кичүүсү андан улуурак болот, кичүүсүнүн урпактарынан көп сандаган эл чыгат, — деп макул болбоду. Ошентип ошол күнү аларга батасын берди:

— Исраил сенин атыңан: "Кудай Ефрем менен Манаска берген батасын сага берсин!" деп бата берет. Ошентип ал Ефремди Манастан өйдө койду. Эми мына мен о дүйнөгө аттанганы турам, силерге Кудай жар болуп, ата-бабаларыңардын жерине кайра алып барат. Мен сага бир туугандарыңдан өзгөчөлөп, Аморрейлерден согушуп жатып, тартып алган кыркалуу жерди энчиңе кошуп берем.

Жакыптын балдарына берген пайгамбардык батасы
(49:1-28)

"Чогулуп келип, уккула менин сөзүмдү,

Баяндайын алдыда жаткан күндөрдү.

Жакыптан чыккан чүрпөлөр кулак салгыла,

Атакеңер Исрайыл айтар сөздөрдү.

Туңгучум Рубим — кайратымдын башаты,

Күч-кубатым, эң биринчи дүрмөтүм,

Кадырымдын, дарманымдын чокусу.

Кумарландың кирген суудай оргуштап,

Бирок эми жарыбайсың эч качан.

Анткени сен ала жипти аттадың,

Өз атаңдын ак төшөгүн булгадың.

Ысман, Левий жатындаш бир туугандар,

Кылычтарын зөөкүрлүккө жуугандар.

Катышпаймын курган кеңешиңерге,

Кадыр-баркым кетирбеймин силерге.

Туталанып, канкорлукка бардыңар,

Алжаңдашып, курмандыкка чалдыңар.

Каргыш тийсин ачууңарга силердин

Кыжырыңар келгенде таш боорсуңар.

Каргыш тийсин каарыңарга силердин,

Тутансаңар ченемсиз зөөкүрсүңөр.

Мен силерди туш-тарапка таратам,

Исраилдин ичинен чачыратам.

Яхуд сени боордошторуң ардактайт*,

Кастарыңды алкымынан аласың,

Агайындын урмат-сыйын татасың.

Уудан келген жаш арстаным — Яхудум!

Ким даап сени тургуза алат ордуңдан?

Эгедериң, дүйнө жүзү баш ийчү,

Чыныгы Хан бул дүйнөгө келгиче,

Хан таягы сенин колуңан түшпөйт,

Уругуңан өкүмдарлар үзүлбөйт.

Жүзүмзарга коделегиң аркандап,

Шиңгилине эшегиңди байлайсың.

Кийимиңди шарабына жубасың,

Чапаныңды ширесине чылайсың.

Жылт-жылт этет сенин көзүң шараптан,

Сүттөн тишиң аппак болуп кашкаят.

А Завулон деңиз жээгин мекендейт,

Кемелерге баш калкалаар жай болот,

Ээлегени Сидонго чейин созулат.

Чымыр эшек сыяктанган Иссахар,

Жүктөн чарчап, жатып алат турбастан,

Жаткан жайы жакшы экенин көргөндө,

Ошол жердин жагымдуусун билгенде,

Жүк артууга тосуп берет далысын,

Макул болот кулдай иштеп бергенге.

Дан өзүнүн уруусуна баш болот.

Оролуп, жылан сымал жатып алып,

Жолдон өткөн атты туякка чагат,

Чабандесин чалкасынан кулатат.

Оо Теңир өзүң сактайгөр.

Топурап келип, Гадка* чабуул жасашат,

Бирок кайра кутулууга шашышат.

Ашыр жери — берекелүү, семиз жер,

Падышага эчен түрдүү даам берер.

Маңкайган ак маралдайсың Неффалим,

Так өзүңдөй улактарды төрөйсүң.

Түшүмү мол жүзүм сабак — бул Жусуп,

Бутактары дубалды ороп, салаңдап,

Суу боюнда өсүп турат жайкалып.

Эчен ирет, жебелерин агытып,

Жаа тарткандар түзүк эле касташты.

Бирок жаасы ийилбеди Жусуптун,

Булчуңдары кубатынан тайбады.

Анткени аны Кудай өзү колдоду.

Жолдош болду Исраилдин Чабаны,

Опол тоосу, таянаары, кубаты,

Атакеңдин караан кылган Кудайы.

Ошол сага жардам берсин ылайым,

Кудуреттүү сага берсин батасын,

Көктөн сага берекесин жаадырсын,

Жер астынан ырыскысын аттырсын,

Сүт берсин да төл берсин.

Карт тоолордун баталарынан ашкан,

Түбөлүктүү дөбөлөрдүкүн баскан,

Ыраа кылсын атакеңдин батасын.

Башыңа консун түбөлүк ушул баталар.

Бир туугандар арасынан Тандалган,

Баш-аягың ак батага маарысын.

Бенжамин — жырткыч карышкыр,

Тытмаласа тоногонун таң эртең,

Бөлүштүрөт олжосун кеч киргенде."

Исраилдин он эки уруу урпактары ушулар. Аларга атасы ушуларды айтты. Айтып, батасын берди, бергенде да ар бирине өзгөчө, өзүнө тиешелүү батасын берди.

Жакыптын керээзи жана дүйнөдөн кайтышы
(49:1-29)

Андан соң мындай керээзин айтты: "Мен ата-бабам кеткен жакка жөнөгөнү турам. Сөөгүмдү хеттик Ефрондун тааласындагы үңкүргө, ата-бабаларымдын жанына койгула. Ал үңкүр Канан жериндеги Мамреге кире беришинде жайгашкан, Махпелдин талаасында. Аны Ибрайым сөөк коюу үчүн атайын хеттик Ефрондон талаасы менен кошо сатып алган. Ибрайым менен анын аялы Сарраны да, Исхак менен анын аялы Рабиганы да ошол жерге коюшкан. Так ошерге эле мен Лияны көмгөм. Бул талаа үңкүрү менен кошо хеттиктерден сатып алынган."

Жакып уулдарына керээзин айтып бүтүп, төшөгүнө бутун сунуп, жатты да, о дүйнө кетти.

Жакыптын сөөгүн коюу
(50:1-14)

Жусуп атасынын бетин бетине кысып, ыйлап жатты, өөп жатты. Анан өзүнүн кызматчылары — дарыгерлерлерге атасынын сөөгүн мумиялоого буюрду. Дарыгерлер айтканын аткарууга киришишти. Арадан кырк күн өттү. (Мумиялаганга ушунча күн керек.) Египеттиктер аны жетимиш күн бою жоктоп ыйлап, аза күтүштү. Ушул күндөр аяктаганда Жусуп хан сарайдын кызматчыларына айтты:

— Эгерде мен көңүлүңөрдөн орун алган болсом, анда фараонго атам менден ант алып, калтырган керээзин айтып бергиле. (Жусуп мындай деди дегиле:) "Атам: "Мен о дүйнө кеткени турам, сөөгүмдү Канандагы өзүмө арнап казган мүрзөгө апарып көм", — деген. Эми болсо барып, атамын сөөгүн коюп келгенге уруксат этиңиз". (Жусуптун айтканын фараонго жеткиришти.) Ошондо фараон:

— Атаңа берген антың боюнча барып, сөөгүн коюп кел, — деди. Уруксат алган соң Жусуп, жолго чыкты. Аны менен фараондун бардык кызматчылары, хан сарайдагы, бүткүл Египеттеги аксакалдар кошо чыгышты. Ошондой эле Жусуптун бүт үй-бүлөсү, бир туугандары, атасынын үй-бүлөсү да кошулду. Бала-чакасы менен малын гана Гесемге калтырышты. Арабалар менен атчандар да чыгышып, ээрчиген эл өзүнчө эле бир чоң топ болду. Иордан дарыясынын боюндагы Горенгаатадага жеткенде чуруу-чуу түшүп, өкүрүп ыйлашты. Жусуп атасын жоктоп ыйлап, жети күн аза күттү. Канандыктар, ошол жердин жашоочулары, өкүрүктү угуп: "Бул египеттиктер өтө катуу ыйлап, аза күтүп жатышат!" — дешти. Ошондон улам Иордандын боюнда жайгашкан ошол жер "Египеттиктердин ыйы" аталып калган.

Жакыптын балдары атасынын осуятын аткарышты: сөөгүн Кананга алып барып, Мамренин жанында жайгашкан Махпелдин талаасындагы үңкүргө коюшту. Бул үңкүрдү Ибрайым хеттик Ефрондон мүрзө кылуу үчүн сатып алган. Жусуп атасын көмүүгө кошо чыккандардын баары менен бирге Египетке кайра келди.

Жусуптун бир туугандарына көрсөткөн ырайымы
(50:15-21)

Атасы өлгөндөн кийин Жусуптун бир туугандары: "Жусуп, бизди жек көрүп, кылган жамандыктарыбыз үчүн өч алгысы келсе эмне кылдык?" — деп кабатырлана башташты. Жусупка киши жиберип мындай деп айттырышты:

— Атабыз өлөөр алдында бизге: "агаларың сага жамандык кылышкан, бирок сен аларды айып-кинесин кечир", — деп Жусупка айтып койгула деген. Азыр биз сенден атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир, деп кайрылып олтурабыз.

Муну укканда Жусуп өксүп ыйлады. Бир туугандары өздөрү да келип:

— Кулуң бололу, — деп алдына жыгылышты. Жусуп:

— Коркпогула, мен Кудайдан корккон адаммын. Мага жамандык кылгыңар келди эле, бирок Кудай аны жакшылыкка айлантып жиберди. Азыр өзүңөр көрүп тургандай көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн ал ушундай кылыптыр. Ошондуктан коркпогула, мен силердин өзүңөрдү да, бала-чакаңарды да багам, — деди. Ошентип жылуу сөздөрдү айтып, алардын санаасын тынчытты.

Жусуптун дүйнөдөн өтүшү
(50:22-26)

Жусуп урук-туугандары менен Египетте жашап турду. Жүз он жашка келди. Ефремдин чөбөрөсүнө чейин көрдү, ошондой эле Манастын баласы Макирдин балдары да Жусуптун тушунда төрөлүштү. Өлөөрүнө аз калганда бир туугандарына: "Мына, менин да кетээр саатым жакындап калды. Бирок Кудай силерге келип, Ибрайымга, Исхакка жана Жакыпка берем деп ант берген жерге алып чыгат", — деди. Анан Исраилдин балдарына:

— Кудай силерге келет, ошондо менин сөөгүмдү бул жактан алып чыккыла, — деп керээз айтып, убада-антын алды.

Ошентип, Жусуп жүз он жашында көз жумду. Денесин мумиялап, Египеттеги табытка салып коюшту.


____________________________________________
Translated by A.Mambetaliev

Wednesday, March 06, 2002

1-5 бап, 6-10 бап, 11-20 бап, 16-20 бап, 21-25 бап, 26-30 бап, 31-35 бап, 36-40 бап, 41-45 бап, 46-50 бап

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2010 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz