Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

БАШТАЛЫШТАР
(pdf, doc)

Фараондун түшү
(41:1-36)

Ушундан эки жыл өткөндө фараон түш көрүп, түшүндө дарыянын жээгинде турду. Дарыядан сүлкүлдөгөн семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрүштү. Аңгыча тыртайган арык дагы башка жети уй чыгып, жанагы уйлардын жанына келишти да, аларды жеп салышты. Ушул жерден фараон ойгонуп кетти.Бирок кайрадан уйкуга кирип, түшүндө бадырайган дандуу жети буудайдын өсүп чыкканын көрдү. Аңгыча алардын артынан чөлдүн шамалынан улам даны кагайып, бүрүшүп-чүрүшүп калган дагы жети буудай өсүп чыгып, бадырайган дандуу берки буудайларды жеп салышты. Фараон ойгонуп кетип, түш көргөнүн түшүндү. Эрте менен тынчы кетип, Египеттин бардык балчы-даанышмандарын чакырып, аларга түшүн айтып берди. Бирок эч кимиси анын түшүн жоруй алышпады. Ошондо баш шарапчы фараонго:

— Таксырым, күнөөлөрүмдү бүгүн эстеп олтурам. Бир кезде падышам кулдарына ачууланып, баш наавайчы экөөбүздү сакчылардын башчысынын үйүндөгү түрмөгө салган болчу. Ошондо экөөбүз тең бир түндө эки башка маанидеги түш көргөнбүз. Түрмөдө биз менен бирге түрмөбашчынын кулу болгон бир еврей жигит бар эле. Ал биздин түшүбүздү жоруп берген. Ошонун жоруганы ордунан чыкты: мен ордума келтирилдим, тиги болсо дарга асылды, — деп сүйлөй баштады.

Фараон киши жиберип, Жусупту чакыртты. Жусупту шашылыш түрдө түрмөдөн алып чыгышты. Жусуп чачын алдырып, кийимдерин алмаштырып кийди да фараонго келди. Фараон Жусупка:

— Түш көрүп, жоруй турган адам таппадым. Сени түш жоруй алат дешти, — деди.

— Бул менин колумдан келбейт, бирок Кудай сиздин пайдаңызга жооп берет, — деди Жусуп. Ошондо фараон Жусупка түшүн айта баштады:

— Түшүмдө дарыянын жээгинде туруптурмун. Аңгыча дарыядан сүлкүлдөгөн семиз жети уй чыга калып, камыштын арасына киришти. Бирок алардын аркасынан кынжыйган арык дагы башка жети уй чыкты. Мен мындай арык уйларды Египеттин эч жеринен көргөн эмесмин. Алар семиз уйларды жеп салышты. Ошондо деле курсактары билинбеди, мурдагыдай тыртайган бойдон кала беришти. Анан мен ойгонуп кеттим. Кайра көзүм илинип кетип, дагы түш көрдүм: бадырайган дандуу жакшынакай жети буудайдын өсүп чыкканы кирди. Аңгыча алардын артынан чөлдүн шамалынан улам кагайып, үлдүрөгөн дагы жети буудай өсүп чыкты да, беркилерди жеп койду. Бул түштү уламаларга айтып берсем эч кимиси жоруй албады.

Жусуп фараонго жооп берди:

— Фараондун түштөрүнүн мааниси бир: Кудай өз амирин фараонго алдын ала кабарлаптыр. Жети семиз уй — бул жети жыл. Жети жакшынакай буудай да жети жылды билдирет. Семиз уйлардын артынан чыккан жети тыртайган арык уйлар да жети жылды билдирет. Чөл шамалынан улам кагайып, үлдүрөп калган жети буудай да жети жыл ачкачылыкты билдирет. Кудай өз амирин фараонго алдын ала айтып бериптир дегеним ушундан. Бүт Египет жергесинде береке төгүлгөн молчулуктун жети жылы жакындап келе жатат. Алардан кийин жети жыл ачарчылык болот. Молчулук жылдары унутулуп, алардан из калбайт, жер бети ачарчылыктан жабыркайт. Баягы молчулуктун артынан келген жети жыл ачарчылыктын айынан мурдагы берекеси төгүлгөн жылдар билинбей калат. Анткени ачарчылык абдан катуу болот. Ал эми бир эле маанидеги түштүн кайталанышы бул кабардын Кудайдан экенин жана ал айткандарын жакында ишке ашырарын тастыктап турат. Ошондуктан фараон азыртан кечикпей бир акылдуу, даанышман адамды таап, Египет жерине башчы шайласын. Бардык жерде көзөмөлчүлөрдү дайындоого буйрук берип, молчулуктун жети жылында түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйнатсын. Алар келе жаткан жакшы жылдардагы бардык түшүмдөн шаарлардагы кампаларга чогултуп, кайтарышсын. Бул кийин келе турган ачарчылык жылдарында керек болот. Ошентип адамдар кырылуудан аман калышат.

Жусуптун Египетте бийликке келиши
(41:37-57)

Жусуптун сөздөрү фараонго жакты. Ал кызматчыларына:

    — Кудайдын Руху даарыган мындай башка кишини кайдан табабыз? — деди. Анан Жусупка кайрылып:

— Ушунун баарын Кудай сага ачып берип жаткан соң, демек, сендей акылдуу, даанышман башка адам жок. Сен менин бүткүл мамлекетимдин үстүнөн башчы болосуң, элим сага баш ийет. Мен сенден тактым менен гана бийигирээк болом, — деди да Жусупту кызматка дайындады. Колундагы мөөр шакегин чыгарып, колуна салды. Үстүнө кымбат чапан жаап, мойнуна алтын мончок такты. Падыша арабаларынын экинчисине отургузуп, эл аралатып: "Таазим кылгыла!" деп алдынан жар салдырды. Ошентип, бүткүл Египетке башчы кылды. Анан:“Мен падыша катары сага айтып коеюн:сенин уруксатыңсыз бүт Египет жеринде эч ким эч нерсе кыла албайт”, — деди.

Фараон Жусупка Сафнат-панеах деген жаңы ат койду. Күншаар деген шаардын дин кызматкери Потифардын кызы Асенафаны алып берди. Ошентип Жусуп Египетти кыдырып, башчылык кыла баштады.

Фараондун алдына келгенде Жусуп отузда эле.

Жусуп фараондун жанынан чыгып, бүткүл Египтет жерин кыдырганы жөнөдү. Жети жыл бою жер түшүмүн мол берип, берекелүү болду. Жусуп Египеттеги жети жылдын түшүмүнөн жыйнап, шаарлардагы кампаларга төктүрдү. Ар бир шаарга айланасындагы талаанын түшүмүн жыйды. Ушунчалык мол түшүм жыйнап, көптүгүнөн сан жетпей акырында санабай да калды. Ачарчылык жылдары келгенге чейин Гелиополистик дин кызматкеринин кызы Асенафадан эки балалуу болду. Кудай менин азап-кайгым менен атамдын үйүн унутканга күч берди деп, биринчисин Манас20 атады. Азап тарткан жеримде мени бала-чакалуу кылды деп, экинчисин Ефраим атады.

Ошентип, Египеттеги молчулуктун жети жылы бүтүп, Жусуп алдын ала айткандай ачарчылыктын жети жылы башталды. Египеттен башка өлкөлөрдүн баарында ачарчылык болуп, Египеттин бардык жерлеринде болгон жок. Ачарчылык Египетке жеткенде эл нан сурап, фараонго жалына баштады. Фараон аларга: “Жусупка барып, ал эмне десе, ошону кылгыла!”— деди. Бүт жер жүзүн ачарчылык каптап, Жусуп бардык кампаларын ачып, египеттиктерге нан сата баштады. Ачарчылык болсо Египетте күчөгөндөн күчөй берди. Бүт жерде ачарчылык болгондуктан, Жусуптан дан сатып алуу үчүн Египетке туш тараптан адамдар келип жатышты.

Жакыптын он баласын Египетке жибериши
(42:1-5)

Жакып Египетте дан бар экенин угуп, балдарына:

— Неге карап отурасыңар? Египетте дан бар деп уктум, барып, бизге нан сатып келгиле. Бөөдө, ачкадан өлүп калбайлы, — деди. Ошентип дан сатып алуу үчүн он бир тууган Египетке аттанышты. Ал эми Жусуптун иниси Бенжаминди болсо Жакып бир тууганына кошподу. "Кырсыкка кабылып калбасын" деди ал.


Жусуптун тогуз бир тууганын кайра Кананга жөнөтүшү
(42:6-28)

Ошентип, Исраилдин балдары башкалар менен бирге дан сатып алганы Египетке келишти. Анткени Кананда ачарчылык эле. А Жусуп болсо ал жерде башчы болчу. Бир туугандары анын алдына келип, жерге жете баштарын ийип, таазим кылышты. Жусуп агаларын көрүп, тааныды. Бирок тааныбагандай түр көрсөтүп, алар менен кырс сүйлөштү:

— Эй, кайдан келдиңер силер?

— Канандан, тамак-аш сатып алалы дедик эле, — дешти агалары.

Жусуп агаларын тааныды, бирок агалары аны таанышкан жок. Ошондо Жусуп алар тууралуу көргөн түшүн эстеди. Анан аларга:

— Силер тыңчысыңар, биздин жерибиздин алсыз жактарын тымызын билиш үчүң келдиңер, — деди жекирип.

— О таксыр, андай дебеңиз, кулдарыңыз тамак-аш сатып алганы келишти. Биз, кулдарыңыз, баарыбыз бир атанын балдарыбыз, чынчыл адамдарбыз, өмүрү тыңчы болуп көргөн эмеспиз, — дешти булар бөжөңдөшүп.

— Жок, силер бул жердин алсыз жактарын билгени келгенсиңер, — деди Жусуп кайталап.

— Биз, кулдарыңыз, он эки бир тууганбыз. Баарыбыз Кананда жашаган бир кишинин балдарыбыз. Кенжебиз атабыз менен калды, дагы бирөөбүз каза болду.

— Айтпадым беле тыңчысыңар деп. Силерди мындайча текшерем: фараондун өмүрү менен ант берем: кичүүңөр келмейин бул жактан чыкпайсыңар! Бирөөңөрдү жибергиле, иниңерди алып келсин, а силер болсо кайтарууда болосуңар. Анан чын айтып жатасыңарбы же жокпу белгилүү болот, эмесе фараондун өмүрү менен ант берем: силер анык тыңчысыңар.

Жусуп ушундай деди да аларды үч күнгө кайтартып койду. Үчүнчү күнү аларга мындай деди:

— Дегенимди аткаргыла, ошондо аман каласыңар, анткени мен Кудайдан корккон адаммын. Эгерде чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр жаткан жериңерде калсын да калганыңар ачка олтурган үй-бүлөңөргө тамак-аш алып барып бергиле. Ал эми сөзүңөр ырасталып жана өлбөшүңөр үчүн кенже иниңерди мага алып келгиле.

Тигилер макул болушту. Анан бири-бирине: "Бир тууганыбызга карата кылган күнөөбүз үчүн жазаланып жатканыбыз анык. Бизге жалынып жатканда анын кыйналып жатканын көрүп, укпай койгон элек. Ошон үчүн ушул кырсыкка дуушар болуп олтурабыз", — дешти. Рубим аларга айтты:

— Балага каршы күнөө кылбагыла деп силерге айткан жок белем? Силер укпай койдуңар. Эми мына анын канынын азабын тартып жатасыңар.

Ортодо тилмеч тургандыктан Жусуптун түшүнүп жатканын алар билишкен жок. Жусуп мындай чыгып, өксүп ыйлады. Кайра келип, алар менен сүйлөшүп, арасынан Ысманды алды да, алардын көз алдында байлады. Анан кызматчыларына каптарын данга толтуруп, ар биринин акчасын өз-өз кабына кайра салып, жолго азык берүүнү буйруду. Ошентип бир туугандарыэшектерине дан артып, жолго чыгышты. Жолдо түнөгөнү жатып, бирөөсү эшегине жем берейин деп кабын ача салса оозунда акчасы жатат. Муну дароо бир туугандарына билдирди. Жүрөктөрү түшүп: "Кудайдын бул кылганы эмнеси?" — дешти бири-бирине.

Жакыптын балдарынын Канандагы атасына кайтып келиши
(42:29-37)

Кананга келип, баштарынан өткөргөндөрүн Жакыпка төкпөй-чачпай айтып беришти: "А жердин өкүмдары бизге катаал мамиле кылып, тыңчылар катары кабыл алды.

— Биз ак жашаган адамдарбыз, эч качан тыңчы болгон эмеспиз, атадан он эки элек, бирөөбүз арабыздан алынды, эң кенжебиз болсо атабыз менен Кананда, — дедик биз. Тигил жердин өкүмдары болсо:

— Ак экениңерди мындайча текшерем: бирөөңөр калсын, калганыңар ачка олтурган үй-бүлөңөргө азык апарып бергиле да мага кенжеңерди алып келгиле. Ошондо тыңчы эмес, чынчыл адамдардан экениңерге ишенем. Анан бул жерде ишиңерди кыла берсеңер болот, — деди".

Ушуну айтып, анан каптарын бошотуп жатышканда ар биринин түйүнчөккө салынган акчасы өз-өз каптарынан чыкты. Муну көргөндө баарынын үрөйү учту. Атасы Жакыптын да жүрөгү түштү. Ошондо Жакып:

— Силер мени балдарымдан айрыдыңар, Жусуп жок, Ысман жок, эми Бенжаминди да алганы турасыңар, шорумду куруттуңар го! — деди. Рубим атасына:

— Мен балаңызды кайра алып келип, өз колуңузга тапшырбасам, анда менин эки баламды өлтүрүп салыңыз. Балаңызды мага бериңиз, кайра алып келип берем, — деди.

— Балам силер менен барбайт. Агасы өлүп, энеден жалгыз калды. Баратканыңарда жолдо кырсык болсо бөөдө ак чач баскан башымды азапка саласыңар, — деп Жакып көнбөдү.

Жакыптын он уулун кайрадан Египетке жөнөтүшү
(43:1-15)

Ачарчылык күчөгөндөн күчөй берди. Египеттен алып келген азыкты жеп бүтүшкөндө Жакып балдарына:

— Дагы барып, бир аз азык-түлүк алып келгиле, — деди.

Ошондо Яхуд:

— Жанагы киши бир тууганыңар менен келбесеңер көзүмө көрүнбөгүлө деп катуу эскерткен. Эгер инибизди кошуп берсеңиз, анда барып, сизге азык-түлүк сатып келебиз, антпесеңиз барбайбыз, анткени жанагы киши кенжеңер менен келбесеңер көзүмө көрүнбөгүлө деген, — деди. Жакып:

    — А кишиге дагы бир инибиз бар деп, эмне үчүн башыма балээ үйдүңөр? — деди. Балдары:

— Ал биз тууралуу, уруубуз тууралуу сурады. "Атаңар али тирүүбү? Дагы бир тууганыңар барбы?" деди. Анан биз сураганына жараша жооп бердик. Иниңерди алып келгиле деп айтарын кайдан билдик? — деп жооп беришти.

Анан Яхуд Жакыпка мындай деди:

— Балаңызды мага кошуп бериңиз, барып келели. Ошондо биз да, сиз да, бала-чакабыз да аман калабыз. Ал үчүн жоопкерчилик менин мойнумда болсун, менден сураңыз, эгер аны кайра алдыңызга алып келбесем, түбөлүккө айыптуу болоюн. Маалкатып, чое бербесек эки жолу барып келип калат элек. Жакып:

— Анда мындай кылгыла: бул жактын эң мыкты жер-жемиштери: бальзам, бал, жыпар жыттуу стиракс менен ладан, мисте менен жер жаңгактан алиги адамга тартуу ала баргыла. Акча да ала баргыла. Бирок жанагы кабыңарга кайра салынган акчаны өз колуңар менен кайтарып бергиле, а балким жаңылыштыктыр. Иниңерди да кошуп алгыла, жанагы кишиге кайра баргыла. Кудуреттүү Кудай ошо кишинин жүрөгүн жибитип, силерге кайрым кылдырып, силерди да, тыяктагы бир тууганыңар Бенжаминди да кое берсин. А мен баласыз калсам, калайын, — деди акыры.

Ошентип айтылган белектерди, мурункудан эки эсе көп акчаны жана Бенжаминди алышып, Египетке жетишти да Жусуптун алдына келишти.

Жусуптун үйүндөгү той
(43:16-34)

Алар менен бирге келген энелеши Бенжаминди көргөн Жусуп, үй-чарбасын башкаруучу кулуна:

— Бу кишилерди үйгө киргиз да, малдан союп, тамак даярда. Түшкү тамакты булар мени менен чогуу жешет, — деп буюрду. Тигил киши кожоюнун айтканын аткарып, үйгө киргизди. Жусуптун үйүнө киргизилгенин көргөндө булар коркуп кетишти. "Мурда каптарыбызга кайра салып коюшкан акча үчүн ушундай кылып жатышат. Үйгө киргизип туруп, бизге күтпөгөн жерден кол салып, эшектерибизди тартып алып, өзүбүздү кул кылганы жатышат" деп ойлошту. Кире бериште турган Жусуптун үй башкаруучу кулуна жакын басып келишип:

— Таксырыбыз, уксаңыз, биз мурда азык сатып алганы келип кеткен элек. Талаада түнөп калып, жатаарда каптарыбыздын оозун чечсек ар бирибизде мурда канча акчабыз болсо, ошончо акча жатыптыр. Мына, эми өз колубуз менен кайтарып берип жатабыз. Ал эми азык сатып алуу үчүн башка акча алып келдик. Мурдагы акчаны каптарыбызга ким салып койгонун билбейбиз, — дешти. Үй башкаруучу кул:

— Камтама болуп, коркпогула. Силердин жана атаңардын Кудайы салып койгон, а мен акчаңарды алгам, — деди да Ысманды алып келди. Анан Жусуптун үйүнө киргизип, алардын колу-бутуна суу куйду. Эшектерине от салды. Жакыптын балдары болсо белектерин түшкө, Жусуптун келер убагына белендеп коюшту, анткени аларга Жусуп менен тамактанышаары айтылган болчу. Жусуп үйгө келгенде, колдорундагы белектерин беришип, жерге жете ийилип, таазим кылышты. Жусуп алардын ден-соолугун сурап, анан:

— Силер айткан кары атаңар күүлүү-күчтүүбү? Аман-эсенби? — деди. Бир туугандары:

— Сиздин кулуңуз, биздин атабыз аман-эсен, али тирүү, — деп жооп беришти да тизе бүгүп, жүгүнүштү. Жусуп энелеши Бенжаминди көрүп:

— Силер айткан иниңер ушулбу? Кудай сага мээримин төксүн, уулум, — деди. Айтары менен дароо шашылыш түрдө ары басып кетти, анткени бир тууганына болгон сезими жүүнүн бошотуп, көз жашы ыргып кете жаздады. Төркү үйүнө кирип алып, эчкирип ыйлады. Анан бетин жууп, кайратына келди да, сыртка чыгып, тамакты чыгарууга буйрук берди. Жусуп өзүнчө, бир туугандары өзүнчө, ошердеги египеттиктер өзүнчө тамактанып жатышты. Анткени египеттиктер еврейлер менен бирге бир үстөлдөн тамактанууну жийиркеничтүү, пастык деп эсептешип, чогуу тамактана алышпайт. Жусуптун бир туугандары анын алдында улуулашып, өз-өз ордуларына тизилип олтурушту. Туну тун уулга тиешелүү ордун, кенжеси өзүнө тиешелүү ордун ээлешти. Бири-бирин карап таңданышты. Жусуптан алардын алдына тамак тартылды. Бенжаминдин шыбагасы башкаларынын ар бириникине караганда беш эсе көп болду. Жусуп мене бирге ичишти, ичкенде да мас болгуча ичишти.

Жоголгон чөйчөк
(44:1-17)

Жусуп үй башкаруучу кулуна:

— Бу кишилердин каптарын көтөрө алышынча тамак-ашка толтур, анан ар биринин акчасын кабынын оозуна салып кой. А менин күмүш чөйчөгүмдү болсо кенжесинин кабына данга берген акчасы менен кошо салып кой, — деп буюрду. Ал так ошондой кылды. Эрте менен жарык киргенде булар эшектери менен бирге кое берилди. Шаардан узаша электе Жусуп үй башкаруучу кулуна айтты:

— Тигилерди кууп жет да: "Эмне үчүн жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер? Бул чөйчөк менин кожоюнум ичкен, бал ачкан чөйчөк ко?" — де.

Кулу кууп жетти да ушундай деди. Ошондо тигилер:

— Таксыр, бул айткандарыңызды кандай түшүнсө болот? Коюңуз, биз андай ишке барбайбыз. Каптарыбыздын оозунан тапкан акчабызды сизге тээ Канандан кайра алып келип бердик эле го, анан кантип кожоюнуңуздун үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек? Кимибизден чөйчөк табылса, ошого өлүм, а биз таксырыбызга кулчулукка кетели, — деп чурулдашты.

— Макул деди, — кул, — айтканыңардай болсун, кимден чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, калганыңарда айып жок.

Тигилер бат-баттан каптарын жерге түшүрүшүп, ар бири өз кабынын оозун чечишти. Кул улуусунан тартып кичүүсүнө карай тинтип чыгып, чөйчөктү Бенжаминдин кабынан тапты. Тигилер күйүттөн кийимдерин тытышып, ар бири өз жүгүн өз эшегине жүктөп, шаарга кайтып келишти. Яхуд бир туугандарын баштап, Жусуптун үйүнө келди. Ал үйүнөн кете элек экен. Келип, анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Жусуп:

— Бул эмне кылганыңар? Мендей көзү ачык адам сөзсүз таап аларын билген эмес белеңер? — деди. Яхуд:

— Таксырыбызга эмне деп айтмак элек? Не демекпиз? Кантип актана алабыз? Кудай кулдарыңыздын айыбын тапты. Мына эми биз сизге кул болдук. Баарыбыз, биз да, чөйчөк табылган да, — деди.

— Жок, мен андай кылбайм, — деди Жусуп, — кимден чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, а калганыңар тынчтык менен атаңарга бара бергиле.

Яхуддун Бенжамин үчүн суранычы
(44:18-34)

Ошондо Яхуд Жусупка басып келип, мындай деди:

— Мырзам, сиз менен ачык сүйлөшкөнгө уруксат этиңиз, кулуңузга ачуулана көрбөңүз, анткени сиз фараон менен бирдейсиз. Бизден: "Атаңар же дагы башка бир тууганыңар барбы?" — деп сураган элеңиз. Биз карган атабыз бар экенин, анын карганда көргөн көкүрөк күчүгү бар экенин, ошол кенжеси бир тууганы өлүп калып, энеден жалгыз калганын, атабыздын аны артыкча жакшы көргөнүн айткан элек. Сиз: "Кенжеңерди апкелгиле, көрөйүн", — дегенсиз. Биз: "Ал атасын таштап келе албайт, антсе атабыз сар-санаадан өлүп калат", — дегенбиз. Сиз бизге: "Кенже бир тууганыңар келбесе, экинчи көзүмө көрүнчү болбогула!" — дедиңиз. Биз барып, сиздин кулуңуз, биздин атабызга сөздөрүңүздү кайталап айтып бердик. Анан атабыз: "Дагы барып, бир аз азык сатып келгиле", — деди. "Бизге кайра барууга болбойт, эгер кенже инибиз кошо барса барабыз, анткени ансыз тиги кишинин алдына бара албайбыз", — дедик биз. Ошондо сиздин кулуңуз, а биздин атабыз бизге мындай деген: "Аялым Рахиланын мага эки бала төрөп бергенин билесиңер. Бирөөсү менден чыгып кетип, кайрылбады, жырткыч тытып салды окшойт деп ойлоп калдым. Эми муну да алып кетип, бир кырсыкка кабылсаңар, мына бу ак баскан чачым менен көргө тыгасыңар." Эми сиздин кулуңузга, атабызга, бул баласы жок барсак, муну көргөндө ал өлөт. Анткени анын жаны бул баласына биротоло байланып калган. Ошентип биз сиздин ак чач кулуңузду, атабызды, кайгы менен көргө жаткызабыз. Анын үстүнө мен: "Эгер балаңызды кайра алып келбесем, өмүр бою алдыңызда айыптуу болоюн", деп ага сөз берип койдум эле. Ошондуктан мен, баланын ордуна калып кулуңуз болоюн да ал агалары менен бирге кетсин. Анткени бул инимсиз кантип атама барам? Атамын күйүткө батып, кырсыкка кабылганын көргүм келбейт.

Жусуптун бир туугандарына өзүн ачып бериши
(45:1-23)

Мындан ары жанындагылардын алдында өзүн кармоого Жусуптун кудурети жетпеди:

— Кеткиле жаныман! — деп кыйкырып жиберди. Эч ким калбай калганда Жусуп өзүнүн ким экенин агаларына айкын кылды. Өкүрүп ыйлаган үнүн египеттиктер да, фараондун үйүндөгүлөр да угушту. Жусуп агаларынан:

— Мен Жусупмун, атам тирүүбү? — деп сурады. Агалары анын алдында тайсалдап, жооп бере алышпады.

— Бери келгиле, — деди аларга Жусуп. Алар басып келишти. Ошондо Жусуп аларга мындай деди:

— Мен силер Египетке сатып жиберген бир тууганыңар Жусупмун, бирок эми кайгырып, бушайман болбогула. Өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн мени Кудай силердин алдыңардан жибериптир. Анткени жер бетинде боло турган ачарчылыктын жети жылынын эки жылы араң өттү. Бул жылдары айдашпайт да орушпайт. Силерди тукум курут кылбастан улуу куткарылууну тартуу кылыш үчүн Кудай мени алдыңардан жибериптир. Демек, мени силер эмес, Кудай жибериптир. Ал мени фараонго ата болдуртуп, бүт үй-ичине башчы шайлап, бүткүл Египетке эгедер кылды. Эми тезирээк атама барып: уулуңуз Жусуп: "Кудай мени бүткүл Египетке эгедер кылды, тезирээк келиңиз, маалкатпаңыз, Гесем деген жерде жашайсыз. Өзүңүз да, балдарыңыз да, неберелериңиз да, төрт түлүк малыңыз да — бардык мал-мүлкүңүз менен менин жанымда болосуздар. Ошо жактан сизди багып турам, анткени ачарчылык дагы беш жылга созулат. Антпесеңиз өзүңүз баш болуп бүт үй-бүлөңүз, дегеле сизге караштуунун баары жакырлыкка батып каласыздар", деди, — дегиле. Мына, айткан сөзүмө силер да, иним Бенжамин да күбө. Атама менин Египеттеги кадыр баркым тууралуу, өз көзүңөр менен көргөндөрүңөр тууралуу айтып, атамды тезирээк бул жакка алып келгиле.

Ушундай деп, Жусуп иниси Бенжаминдин мойнунан кучактап, өпкө кагып ыйлады. Бенжамин да ыйлап турду. Анан агаларынын баарын бетинен өөп, кучагына кысып, ыйлады. Ушундан соң агалары аны менен сүйлөшүштү.

Фараондун үйүнө Жусуптун бир туугандары келиптир деген сөз жетти. Муну укканда фараон өзү да, кулдары да кубанышты. Анан фараон Жусупка мындай деди:

— Бир туугандарыңа мындай кылгыла деп айт: малыңарга жүк артып, Кананга баргыла да атаңарды, бала-чакаңарды алып мага келгиле, мен силерге Египеттин эң мыкты жеринен берем, анын берекесин жеп жыргайсыңар. Сага болсо буйрук берем: ушундай кылгыла: Египеттен балдарыңарга, аялдарыңарга арабаларды алгыла да атаңарды алып келгиле.

Калган мүлкүңөргө ичиңер ачышпасын, анткени Египеттеги эң жакшы нерселердин баары силердики болот.

Жакыптын балдары так ушундай кылышты. Жусуп аларга фараондун буйругу боюнча арабаларды берип, жолго керектүү нерсе менен камсыз кылды. Ар бирине бирден ашыкча кийим берди, ал эми Бенжаминге болсо үч жүз күмүш акча, беш артыкбаш кийим берди. Ошондой эле он айгыр эшекке Египеттин эң мыкты жемиштеринен артып, жолдо керек болот деп он ургаачы эшекке нан жана башка керектелүүчү нерселерди артып, бир туугандарын жолго чыгарды. "Чырдашпагыла!" — деп эскертти узатып жатып.

Сүйүнчү
(45:25-28)

Ошентип алар Египеттен чыгып, Канандагы атасы — Жакыпка келишти. Келип ага:

— Жусуп тирүү экен! Ал бүткүл Египет элинин үстүнөн башчылык кылып атыптыр! — деп кабарлашты. Жакып ар кандай ойго кетип, аларга ишенген жок. Алар Жусуптун айткандарын төкпөй-чачпай айтып бергенде жана Жусуп ал үчүн жиберген арабаларды көргөндө гана Жакып жанданып, ишенди.

— Чындап эле уулум Жусуп тирүү экен, көзүм өтө электе барып, көрүп келейин, — деди Исраил.

1-5 бап, 6-10 бап, 11-20 бап, 16-20 бап, 21-25 бап, 26-30 бап, 31-35 бап, 36-40 бап, 41-45 бап, 46-50 бап

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2000 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz