Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

БАШТАЛЫШТАР
(pdf, doc)

Исавдын санжырасы
(36:1-19)

Исавдын санжырасы мындай:

(Исавдын урпактарынын дагы бир аталышы — Едом.) Исав канандыктардын кыздарына үйлөндү. Алар: хеттик Елондун кызы Ада, евеялык Сивеондун баласы Ананын кызы Оливема жана Исмайылдын кызы, Навайофтун карындашы Васемаф.

Ададан Елифаз, Васемафтан Рагуил, Оливемадан Иеус, Иеглом жана Корей аттуу балалуу болду.

Булар Исавдын Канан жеринде көргөн балдары.

Бир күнү Исав аялдарын, уул-кыздарын, үйүндөгү кызматчыларынын баарын алды да, Канан жергесинде тапкан мал-мүлкүн түгөл жыйнап, иниси Жакыптын жанынан башка жакка көчүп кетти. Себеп дегенде алардын мал-мүлкүнүн көптүгүнөн жашаган жерине батпай калышты. Ошентип Исав Сеир тоосуна барып, отурукташты.

Сеир тоосунун койнунда жашаган едомдуктардын түп атасы Исавдын санжырасы бул: Исавдын уулдары: Ада деген аялынан Елифас, Васемафа деген аялынан Рагуил төрөлгөн. Елифаздан Феман, Омар, Цефо, Гафам жана Кеназ.

Елифаз Фамна деген токолунан Амалик аттуу бала көргөн. Исавдын Ада деген аяланынан тарагандар ушулар.

Рагуилден Нахаф менен Зерах, Шамма менен Миза төрөлгөн. Булар Исавдын Васемафа деген аялынан көргөн балдары

Оливема деген аялынан болсо булар чыккан: Юс, Еглом жана Корей.

Исавдан чыккан уруу аксакалдары булар: тун уулу Елифаздан Феман аксакал, Омор аксакал, Сефо аксакал, Кеназ аксакал, Корей аксакал, Гафам аксакал, Амалик аксакал. Булар Едом жериндеги Елифаздын Ада деген аялынан көргөн уулдары.

Рагуилден тараган уруу аксакалдары булар: Нахаф аксакал, Зерах аксакал, Шамма аксакал, Миза аксакал. Булар Рагуилдин Едом жеринде Васемафтан көргөн балдары.

Оливемадан болсо төмөндөгү уруу аксакалдары төрөлгөн: Иеус аксакал, Иеглом аксакал, Корей аксакал. Ананын кызы Оливемадан көргөн Исавдын балдары ушулар.

Мына, Исавдан чыккан уруу аксакалдары ушулар. Булар жалпысынан Едом деп да аталат.

Сеирде жашаган жергиликтүү элдин санжырасы

(36:20-30)

Ошол жердин түпкү жашоочулары болгон Сеирдин Хорей деген жеринен чыккан кишинин балдары: Лотан, Шовал, Цивеон, Ана, Дишон, Эцер жана Дишан. Булар Едомдогу Сеирдин балдары хорейлердин уруу аксакалдары.

Лотандан Хори менен Геман чыккан; Лотандын Фамна деген карындашы болгон

Шовалдан Алван, Манахаф, Эвал, Шефо жана Онам.

Сивеондон: Аиа менен Ана. Ушул Ана, ээн талаада атасынын коюн кайтарып жүрүп, ысык суунун булагын таап алган.

Ананын балдары булар: Дишон менен Оливема. (Оливема — кызы.)

Дишондон Хемдан, Эшбан, Ифран жана Херан.

Эцерден Билган, Зааван жана Акан.

Дишандан Уц менен Аран.

Сеир жергесинде жашаган хоррейлердин уруу аксакалдарынын атын улуусунан тартып, атын атай кетсек, төмөнкүдөй: Лотан аксакал, Шовал аксакал, Сивеон аксакал, Ана аксакал, Дишон аксакал, Эцер аксакал, Дишан аксакал.

Исрайылга чейинки Едомдогу падышалар
(36:31-43)

Исраилдин тукумдары бийликке келгенге чейин Едом жергесин төмөнкү падышалар бийлеп турган:

Дингавалык Беордун баласы Бела. Ал өлгөн соң Босоралык Зерахтын баласы Иовав. Андан кийин феманийлердин жеринен чыккан Хушам. Андан кийин Авифтен чыккан Бедаддын баласы Гадад. (Гадад Моав талаасындагы майданда мидиялыктарды жеңген). Андан кийин масрекилик Самла такка олтурган. Анан дарыянын боюнда жайгашкан Реховофтон чыккан Шаул. Анан Ахбордун баласы Баал-Ханан. Анан Пау шаарынан чыккан Гадар. (Гадардын аялы Мегетавеель Мезагавдын баласы Матреданын кызы болот).

Исав төмөнкү уруу аксакалдарынын түп атасы болот: Фимна, Алва, Иетеф, Оливема, Эла, Пинон, Кеназ, Феман, Мивцар, Магдиил, Ирам. Ар бир уруунун жашаган жери ушул уруу башчыларынын аты менен аталып калган.

Жусуп жана анын бир туугандары
(37:1-4)

Жакып атасы Исхак көчүп-конуп мекендеген Кананда өмүр сүрдү. Анын урук-тукумунун тарыхы төмөнкүдөй:

Жусуп он жети жашынан тартып аталаш бир туугандары менен бирге атасы Жакыптын коюн кайтарды. (Бир туугандары Кудай менен Зелфадан төрөлгөндөр). Алардын үстүнөн атасына жаман кабарларды ташып турду. Карганда көргөн көкүрөк күчүгү болгондуктан Исраил Жусупту балдарынын ичинен өзгөчө сүйчү. Ошондуктан кооз чапан тигип берди. Ошондо атасынын Жусупту артык сүйгөнүн көргөн бир туугандары Жусупту жек көрүшүп, аны менен жылуу сүйлөшө албай калышты.

Жусуптун түшү
(37:5-11)

Бир күнү Жусуп түш көрүп, аны бир туугандарына айтып берди. Анын түшүн укканда алар Жусупту мурдагыдан бетер жек көрүп калышты. Жусуп аларга мындай деген эле:

— Көргөн түшүмдү айтып берейин, угуп чыксаңар: талаада боо байлап жүрүптүрбүз. Аңгыча менин боом тикесинен тура калды. Силердин боолоруңар болсо аны тегеректеп алып, таазим кылышты.

Муну укканда бир туугандары:

- Эмне, бизге падыша болосуңбу? Биздин үстүбүздөн бийлик кыласыңбы? — дешти кекетишип. Айтып берген түшү үчүн мурдагыдан да катуу жек көрүп калышты. Андан соң дагы түш көрүп, аны да айтып берди:

— Мага күн, ай жана он бир жылдыз таазим кылып жатышыптыр, — деди ал. Ошондо атасы:

— Бул эмне деген түш! Эмне, мен, энең жана бир туугандарың сенин алдыңа жүгүнгөнү келет дегени турасыңбы? — деп жемеледи. Бир туугандарынын ичтери күйдү, бирок атасы бул сөздү көңүлүнө сактап калды.

Жусуптун бир туугандары тарабынан Египетке кулдукка сатылышы
(37:12-28)

Бир күнү Жусуптун агалары атасынын коюн жайганы Шехемге кетишти. Жакып Жусупка:

— Сен да барып агаларыңа кошул, — деди. Жусуп:

— Куп болот ата, мен даярмын, — деп жооп берди. Ошондо атасы:

— Агаларың аман-эсен бекен, малы жайындабы, барып көрүп кел да мага айтып бер, — деди.

Ошентип атасы аны Хеврон өрөөнүнө жиберди. Жусуп Шехемге келип, изденип, агаларын таба албай жүргөндө аны бир киши көрүп калып:

— Эмне издеп жүрөсүң? — деп сурады.

— Кой кайтарып жүргөн агаларымды издеп жүрөм, — деп жооп берди ал, — сиз көргөн жоксузбу?

— Алар биерден кетип калышты. Дотанга барабыз деп жатканын кулагым чалган, — деди жолоочу. Жусуп Дотанга барып, агаларын ошерден тапты. Агалары алыстан көрүшүп, өздөрүнчө масилет курушуп, өлтүрүүнү чечишти.

— Карасаңар, "түш көргүч" келатат. Өлтүрүп туруп, какшыган кудукка ыргытып жиберели да атабызга жырткыч тытып кетиптир дейли, ошондо түшүнө эмне болорун көрөбүз, — дешти алар бири-бирине. Рубим бул сөздү угуп, Жусупту сактап калгысы келди. "Кой өлтүрбөйлү! — деди ал, — андан көрө кудукка таштап салалы, бирок кол көтөрбөйл ү!" Рубим Жусупту алардын колунан куткарып, атасына кайра жиберүү максатын көздөп ушуну айтты.

Жусуп жакын келгенде үстүндөгү кооз чапанын сыйрып алышты да, өзүн какшыган кудукка ыргытып жиберишти. Анан тамактанганы отурушту. Аңгыча, күтүлбөгөн жерден Галааддан Египетке сапар тарткан арабдардын карааны көрүндү. Төөлөрүнө ар кандай жыттуу заттарды артып алышыптыр. Ошондо Яхуд ордунан туруп:

— Бир тууганыбызды өлтүрүп, канкор болгондон эмне тапмак элек? Андан көрө, мына бул арабдарга сатып жиберели. Ага кол көтөрбөйлү, башкасын кой, ал биздин бир тууганыбыз эмеспи, өзүбүздүн аталаш, кандаш инибиз го акыры, — деди. Баары макул болушту. Анан мидиялыктар жанына келгенде аны кудуктан тартып чыгарышты да, он эки күмүш теңгеге сатып жиберишти. Алар аны Египетке алып кетишти.

Жусуп тууралуу суук кабар
(37:29-36)

Рубим болсо кудукка келип, Жусупту таппай калды. Ошондо күйүттөн кийимин тытып, бир туугандарына келди да:

— Бала жок кудукта! Эми эмне кылдым, каран күн! — деп боздоду. Анан алар бир улакты союп, Жусуптун кийимин ошонун канына чылашты да атасына алып келип:

— Муну биз талаадан таап алдык, балаңыздыкы эмес беле? — дешти. Жакып таанып:

— Баламдыкы! Жырткыч тытып салган турбайбы кокуй күн. Баламды тытмалап салган турбайбы! — деп, күйүтүнөн кийимин тытып, аза күттү. Көп убак бою уулун жоктоп ыйлады. Уул-кыздарынын баары сооротууга аракет кылышты, бирок ал сооронгусу келбеди.

— Уулумду жоктоп боздогон бойдон тиги дүйнөгө кетем, — деп, Жусупту жоктоп, ыйлай берди.

Ошол убакта Египетте мидиялыктар Жусупту фараондун кызматкери, падыша сарайынын сакчыларынын башчысы Потифарга сатып жиберишти.

Яхуд жана Тамара
(38:1-30)

Ошол кезде Яхуд бир туугандарынан кетип, Адуллам шаарынан чыккан Хира дегендин жанына барып жашап калган эле. Ошол жерден бир канандык аял менен таанышып, ага үйлөндү. Аялдын атасынын аты Шуа. Ал ага уул төрөп берди. Атын Ер койду. Андан соң дагы бир эркек бала төрөп, атын Онан коюшту. Үчүнчү баласынын атын Шела коюшту. Шела төрөлгөндө Яхуд Хезивде эле.

Улуу уулуна Тамара аттуу кыз алып берди. Ердин жүрүш-турушу жаман болгондуктан, Теңирге жакпай, ал аны өлтүрдү. Ошондо Яхуд орто баласына:

— Бар да жесир жеңеңе үйлөн. Кайниси катары анын алдында парызыңды аткар, агаң тукум курут болбосун*, — деди. Бирок Онан баласы баары бир ага тиешелүү болбосун билип, жеңеси менен жатканда уругун төшөккө түшүрүүчү. Агасынын тукуму уланышын каалоочу эмес. Бул кылганы Теңирге жакпады, ошондуктан аны да Теңир өлтүрдү. Ошондо Яхуд келини Тамарага:

— Төркүнүңө барып, кичүү уулум чоңойгончо күтө тур, — деди. Мындай дегенинин себеби — Шеласы да берки балдарындай өлүп калабы деп коркконунан эле.

Ошентип Тамара кайра үйүнө кетти.

Арадан бир нече убакыт өтүп, Яхуддун аялы кайтыш болду. Аза күндөрү аяктаганда Яхуд досу Хира экөө Тимнага барышты. Ал жерде булардын койлору кыркында эле. Тамарага болсо кимдир бирөө: "Кайнатаң кыркынга барууга камынып жатат", — деген болчу. Ошондо Тамара кара кийимин алмаштырып, бетин үлбүрчөк менен жаап алып, Тимнага бараткан жолдогу Енаим деген шаардын кире беришине олтуруп алды. Анткени ал Яхуддун кенже уулу Шеланын бойго жеткенин, бирок алиге чейин өзүнүн ага аялдыкка берилбегенин угуп жүргөн. Яхуд олтурган аялды көргөндө сойку деп ойлоду, анткени анын бети жабылуу эле. Жолдун жээгине алып барып:

— Канча турасың? — деди. (Келинин тааныбады). Аял:

— Эмне бересиз? — деди. Яхуд:

— Короомдон бир улак берип жиберейин, — деди.

— Макул, улакты берип жибергиче күрөөгө бир нерсе калтырасыз.

— Эмне калтырайын?

— Боосу бар мөөрүңүз менен таягыңызды, — деди Тамара. Яхуд ага сураганын берди. Анан ага жакындап, боюна бүтүрдү. Тамара болсо үйүнө барып, бетине жапкан үлбүрчөгүн чечип, кайрадан кара кийимин кийинди. Яхуд улакты алып барып, күрөөгө калтырган баягы буюмдарын алуу үчүн досу Хираны жиберди. Бирок Хира барып, аялды ордунан таппады. Енаимдик кишилерден:

— Бул жерде жол боюнда олтурган сойку аял кайда кетти, — деп сураштырды. Алар:

— Биерде эч качан сойку аял олтурган эмес, — деп жооп беришти. Хира Яхудка кайтып келип:

— Таппадым, ошердик кишилер бул жерде эч качан сойку болгон эмес дешти, — деди. Яхуд:

— Буюмдарды сактап жүрө берсин. Эл үстүбүздөн күлбөсө эле болду. Акысын төлөп берейин деп аракет кылсам, сен таппай келдиң, — деди.

Арадан үч айдай өткөндө кимдир бирөө Яхудка келип:

— Келиниң сойкулук кылып, боюна болтуруп алыптыр, — деди. Ошондо Яхуд:

— Шаардан сыртка алып чыгып өрттөп жибергиле, — деп буйруду. Сыртка алып чыгып баратышканда келин:

— Мен мына бул буюмдардын ээсинен кош бойлуу болдум. Карап көргүлө: бул боолуу мөөр менен таяк кимдики? — кайнатасына айттырып жиберди. Яхуд өзүнүн буюмдарын таанып:

— Аныкы туура. Мен өз парызымды аткарган жокмун. Аны балам Шелага алып беришим керек болчу, — деди. Яхуд кийин эч качан аны менен жатпады.

Ай-күнү жетип, көз жара турган кез келгенде боюнда эгиздер жатканы билинди. Толгоо тартып жатканда эгиздин бири колун чыгара калды. Ошондо аначы аял кармай калып, кызыл жипти байлады да:

— Ушунусу биринчи төрөлдү, — деди. Бирок анысы колун кайра тартып алып, экинчиси төрөлдү. Муну көргөн аначы аял:“Ой, кантип сен жолуңду жарып чыга алдың?” — деп таңданды. Ошондуктан тун уулунун аты Перес коюлду. Андан соң колуна кызыл жип байланган тели төрөлүп, ага Зара деген ат коюлду.

Жусуп жана Потифардын аялы
(39:1-20)

Исмаилиттер Жусупту Египетке алып барып, фараондун бир кызматкери болгон Потифарга сатып жиберишти. Ал падыша сарайынын кароол башчысы эле. Теңир Жусупка жар болуп, ишине ийгилик берди. Ал египеттик кожоюнун үйүндө жашап турду. Кандай жумуш кылса да Теңир жолдош болуп, иштин майын чыгара кылганын кожоюну байкап жүрдү. Потифарга жагып, өзүнүн менчик кызматчысы кылып, бүт үй-чарбасын башкарууну анын колуна өткөрүп берди. Ошондон тартып, Жусуп үч ү н Теңир египеттиктин үй-бүлөсүнө батасын жаадырды. Үйүндөгү, талаасындагы бардык нерселерине береке кирди. Потифар бүт бийликти Жусупка өткөрүп берди. Жеген нанынан башка эч нерсе менен иши болбоду.

Жусуп зыңкыйган сулуу жигит эле. Ошондуктан кожоюнунун аялынын көзү түшүп, азгырып, төшөккө жатканга сунуш кыла баштады. Жусуп анын мындай сунушун четке кагып: “Коюңуз, мен бул жерде экенимде кожоюнумдун эч нерсе менен иши жок, анткени мага ишенет. Колундагысынын баарын мага өткөрүп берди. Бул үйдө менин аброюм кожоюнумдуку менен бирдей, ал сенден башка эч нерсесин менден аяган жок. Анан кантип мен ушундай уятсыз ишке барып, Кудай алдында күнөө кыла алам?” — деди.

Аял болсо күндөн күнгө Жусупка асылганын койбоду. Бир күнү Жусуп иш менен үйгө кирип калды. Үй кызматчыларынын эч кимиси жок эле. Аңгыча баягы аял Жусуптун чапанынан кармай калып: “Жүр, жатабыз!” — деди. Жусуп чапанын аялдын колуна калтырып сыртка качып чыкты.

Аял Жусуптун чапанын таштай качканын көргөндө үй кызматчыларын чакырып: “Муну карагылачы! Булеврейди күйөөм бизди кордотуу үчүн үйгө алып келиптир. Бул менин бөлмөмө кирип келип, мени зордуктамакчы болду эле, күчүмдүн барынча чаңырып жибердим. Чаңырганымда сыртка чапанын жаныма таштай качты”, — деди.

Ушундай деп чапанды Жусуптун кожоюну үйгө келгенге чейин өзүндө кармап турду. Анан күйөөсү келгенде баягысын кайталап айтып берди: “Жанагы үйгө апкелген еврей кулуң менин бөлмөмө кирип келип, мени кордоду. Бирок кыйкырып жибергенимде чапанын жаныма таштап, сыртка качып кетти.

Муну укканда Жусуптун кожоюнунун кыжыры кайнады. Жусупту кармап, түрмөгө каматты.

Жусуп түрмөдө
(39:20-23)

Ошентип, Жусуп падышанын туткундары турган жерде камакта жатты. Теңир жар болуп, түрмө башчынын ырайымын тартуулады. Түрмө башчысы Жусупту башка бардык камактагылардын үстүнөн башчы шайлап, түрмөнүн ичиндеги иштердин баарына жоопкер кылып койду. Жусуптун кылган иштеринин эч нерсесин көзөмөлдөп, убара болбой оңуп калды, анткени Жусупту Теңир колдоп, бардык иштерине ийгилик берип турду.

Жусуптун түрмөдөгү падыша кызматчыларынын түштөрүн жоруусу
(40:1-23)

Бир нече убакыт өтүп, фараондун баш шарапчысы менен баш наабайчысы кожоюнунун каарына калышты. Аларга ачуусу келген фараон сакчылардын башчысынын үйүндөгү түрмөгө салып салды. Так ушул жерде Жусуп да камакта болчу. Алар көп убакыт түрмөдө жатышты. Түрмө башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады.

Бир түнү бул экөө эки башка маанидеги түш көрүштү. Эрте менен Жусуп келип, алардын кабатырланып, тынчсызданып жатканын көрдү да:

— Бүгүн эмне мынчалык тынчсызданып атасыздар, — деп сурады. Алар:

— Ар бирибиз түш көрүп, жоруганга адам жок, — деп жооп беришти.

— Түш жоруу Кудайдан бериле турган касиет, — деди Жусуп аларга, — түшүңөрдү мага айткыла.

Ошондо баш шарапчы мындай деди:

— Түшүмдө бет алдымда турган жүзүм сабагын көрдүм. Анын үч бутагы бар экен.

Бүчүр байлары менен гүлдөп, мөмөлөрү бышты. Мен болсо анын жемиштеринен терип, ширесин фараондун чөйчөгүнө сыгып, ага сунуп жатыптырмын. Жусуп мындай жооп берди:

— Түшүңүздүн мааниси мындай: үч сабак — бул үч күн. Үч күндөн соң фараон сизди бошотуп, мунапыс кылат да, кайра ордуңузга коет, анан сиз ага мурдагыдай эле шарап сунасыз. Ошондо, баары жайындагыдай болгондо, мени эстей көрүңүз, мага кайрым кылып, мени фараондун эсине салыңыз, мына бул түрмөдөн чыкканга жардам бериңиз. Анткени мени еврейлердин жеринен уурдап келишкен, ошондой эле бул жерде да түрмөгө салына тургандай эч бир жаман иш кылган жокмун.

Баш наавайчы баш шарапчынын түшүнүн жакшы жорулганын көрүп, ал да Жусупка өзүнүн түшүн айтып берди:

— Мен да түш көрүп, түшүмдө башыма үч себет нанды көтөрүп баратыптырмын. Эң үстүңкүсүндө падышага арналган ар кандай бөлкөлөр, токочтор бар эле. Аларды болсо чымчыктар чокуп жатышыптыр.

Жусуп ага мындай жооп берди:

— Түшүңүздүн мааниси мындай: үч себет — бул үч күн. Үч күндөн соң падыша сизди бошотот да башыңызды алат. Денеңизди жыгачка асып коет. Чымчыктар келип, этиңизди чокуп жейт.

Ушундан үч күн өтүп, фараон туулган күнүн белгилеп, бардык кызматчыларын чакырып, чоң той берди. Баш шарапчысы менен баш наавайчысын бошотуп, башка кызматчыларынын алдына алып келди. Баш шарапчысын мурдагы ордуна койду, ал эми баш наавайчысын болсо өлтүрдү. Баары Жусуптун айтканындай болду. Бирок баш шарапчы Жусупту таптакыр көңүлүнө албай, унутту.

1-5 бап, 6-10 бап, 11-20 бап, 16-20 бап, 21-25 бап, 26-30 бап, 31-35 бап, 36-40 бап, 41-45 бап, 46-50 бап

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2000 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz