Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

БАШТАЛЫШТАР
(pdf, doc)

Жакыптын Кудай менен кездешүүсү жана Лабандан жашыруун качып чыгышы
(31:1-18)

Бир күнү Жакып Лабандын балдарынын: "Атабыздын жыйган-тергенин шылып алып, байып кетти",— дешкенин кулагы чалып калды. Лабандын кабагы да баштагыдай болбой калганын байкады. Ошол убакта Теңир ага: "Ата-журтуңа кайт, мен жаныңда болом", — деди.

— Атаңардын кабагы башкача болуп калыптыр, бирок атамдын Кудайы дайыма жанымда, — деди Жакып эки аялын жайытка чакыртып алып. Атаңарга болгон күчүмдү үрөп, кызмат кылганымды өзүңөр деле билесиңер. Ал болсо мени алдап, эмгек акымды он жолу алмаштырды. Бирок Кудай анын мага кыянаттык кылуусунан сактады. "Темгил мал сеники болсун" дегенде малдын баары темгил төлдөп, "ала-буласы сеники болсун" дегенде баары тең ала-була төлдөдү. Мына, Кудай өзү атаңардын малын алып, мага берип салды. Бир жолу куут маалында түш көрдүм. Түшүмдө эчкилерге секирген текелердин баары темгил, ала экен. Анан Теңирдин Периштеси мага: "Карачы, текелердин өңүн: баары темгил, ала, анткени Лабандын сага кылган иштеринин баарын көрүп турам. Мен Кудаймын, Бетелде сен эстелик ташка май куюп, мага убада кылгансың. Эми, сен бул жерден чык да мекениңе кайт!"— деди.

— Атабыздын бизге сеп катары берээр эч нерсеси жок. Бизди жаттай көрдү! Калыңдан түшкөн акчаны болсо жеп алды! Ошондуктан атабыздан Кудай алып койгон мүлк бизге жана балдарыбызга тийиштүү. Эми сиз Кудайдын айтканын кыла бериңиз, — дешти ага Рахила менен Лия.

Ошондо Жакып үй-бүлөсүн төөгө мингизип, тапкан-ташыганынан түк калтырбай алып, атасы Исхакка баруу үчүн дарыяны кечип өтүп, Галаад тоосуна бет алды.

Куугун
(31:19-42)

Жакып жолго чыкканда Лабан кой кыркынга кеткен болчу. Ошондон пайдаланып, Рахила атасынын буркандарын уурдап кетти. Жакып болсо, кетерин айтпай арамейлик Лабандын жүрөгүн уурдап кетти. Анын кеткени Лабанга үч күн өткөндөн кийин жетти. Угаары менен туугандарын алып, Жакыптын артынан сая түшүп, Галаад тоосунда тигилген чатырынын үстүнөн чыкты. Ал да ошол жерге чатырын тикти.

Ошол түнү Кудай Лабандын түшүнө кирип: "Жакыпка жаман-жакшы сөз айтып, опузалаба!"— деди. Бирок Лабан эртеси күнү Жакыпка мындай деп күпүлдөдү:

— Ээ ботом, бул эмне кылганың? Мени алдап, кыздарымды олжологонсуп алып кеткениң эмнең? Жашыруун жыла качып, айтпай кеткениң кандай? Шаан-шөкөт менен узатат элем го? Коштошоордонеберелерим менен кыздарымдын бетинен сүйүп калгангада мүмкүнчүлүк бербедиң. Мунуң — акылсыздык. Атаңардын Кудайы кечээ түшүмө кирип: "Жакыпка өйдө-төмөн сөз айтпа!" деген, болбосо силерге жамандык кылып коюуга деле күчүм жетет. Атаңдын үйүн катуу сагыныптырсың, өзүң эле кете бербейт белең, менинбуркандарымды кытып алганың эмнең?

— Кыздарыңызды алып коер бекенсиз деп корктум, — деди Жакып ага, — туугандарыбыздын көзүнчөкарап чыгыңыз, буркандарыңыз кимден табылса, аман калбасын. (Жакып Рахиланын кытып алганын билген эмес эле.)

Ошентип, Лабан Жакыптын, Лиянын, эки күңдүн, Рахиланын чатырларын тинтип, буркандарын таппады. Анткени Рахила аларды төөнүн чомуна катып, үстүнөн минип алган. Атасы жанына келгенде: "Таксыр, кечириңиз, ооруп атам, ордуман тура албайм", — дей салды.

Лабан издеп-издеп таппаганда, Жакыптын ачуусу келип, аны менен үрпөңдөшө кетти.

— Не жазыгым, не күнөөм үчүн мынча артымдан сая түштүңүз!? Буюмдарымдын баарын карап чыгып, сизгетаандык бир нерсетаптыңызбы!?Кана, туугандардыналдында көрсөтүңүзчү! Ортобузда калыс болуп беришсин. Жыйырма жылдан бери кызматыңызды кылдым, бала салган мал болбоду, коюңуздан жебедим, жырткыч тытканын алдыңызга апарбадым — мындайлар менин чыгашам болуп турду. Күндүз жоголсо да, түндө жоголсо да, менден доолап алып турдуңуз. Күндүз — ысыктан, түндө — сууктан куурап, уйкумдан бездим. Сиздикинде жыйырма жылым ушундай өттү. Он төрт жыл эки кызыңыз үчүн, алты жыл малыңыз үчүн кызмат кылдым, а сиз болсо кызмат акымды он мертебе алмаштырдыңыз. Эгер атам Ибрайымдын Кудайы, Исхактын Коргоочусу жар болбогондо мени кур кол кое берет элеңиз. Бирок Кудай башыма түшкөн мүшкүл менен кылган мээнетимди көрүп, таламымды талашты.

Жакып менен Лабандын келишими
(31:43-55)

Ошондо Лабан:

— Аялдарың — менин кыздарым, балдарың да, малың да меники. Көзүң көрүп тургандын баары мага караштуу. Эми кыздарым менен алар төрөп берген неберелериме бир нерсе кыла алмак белем? Кой, андан көрө кел, экөөбүз келишим түзөлү. Бул келишим экөөбүздүн ортобузда күбө болсун, — деди. Ошондо Жакып бир ташты алды да эстелик катары ошол жерге орнотуп койду. Анан туугандарына карап:

— Таш терип келгиле, — деди. Туугандары таш терип келишип, дөбө кылып үйүштү да үстүндө олтуруп алып, баары чогуу тамактанышты. Лабан бул дөбөнү "Кепил Дөбө" деп, ал эми Жакып болсо "Күбө Дөбө" деп атады.

— Бүгүнтөн баштап экөөбүздүн ортобузга ушул таштөбө күбө, — деп, Лабан аны Галаад деп атап койду. Лабан:

— Экөөбүз бири-бирибизден кеткен соң Теңир экөөбүздүн тең үстүбүздөн кароол болуп турсун! Эгерде менин кыздарымды жакшы карабай, үстүнө аял алсаң, экөөбүздүн ортобузда адам болбосо да дөбөдөн Теңирдин карап турганы эсиңде болсун! — деди.

Ошондон улам бул дөбө "Кароол мунарасы" деп да аталат. Лабан Жакыпка дагы мындай сөздөрдү айтты:

— Мына, ташдөбө менен мен орноткон эстелик ортобузда турат. Арам ой менен ушул таштөбөдөн мен сен жакка аттабайын, сен мен жакка аттаба. Бул экөө ошого күбө болушсун. Ибрайым менен Нахордун жана алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузда сот болсун.

Ошондо Жакып атасы Исхак ыйбаа кылган Кудайдын атынан ант берди. Анан тоонун башында курмандык чалып, туугандарын чакырып, кудайы берди. Баары ичип-жешип, ошондо түнөп калышты.

Таң сүргөндө Лабан ордунан туруп, неберелери менен кыздарынын бетинен өөп, батасын берди. Ушундан соң үйүнө кайтып кетти.

Исавка Жакып келатат деген кабардын жетиши
(32:1-22)

Жакып өз сапарын андан ары улантты. Жолдон ага Кудайдын периштелери жолукту. Аларды көргөндө: "Бул жерде Кудайдын үйү бар экен" деп, ошол жерди "Кудайдын Yйү" деп атап койду.

Жакып андан ары Сеир жергесиндеги Эден аймагында жашаган агасы Исавка алдынан чабарман жиберип:

— Силер менин таксырыма мындай дегиле: кулуңуз Жакып сизге салам айтты. Ушул кезге чейин Лабандыкында турдум.

Көп сандаган төрт түлүк малым, кул-күңдөрүм менен кайтып келатам. Ошондуктан таксырымдын алдында ырайым табайын деген ниетте алдыңыздан өтүп коюу үчүн чабарман жиберип отурам, — деп айттырды. Чабармандар Жакыпка кайта келип:

— Агаңыздын алдына бардык. Ал жанына төрт жүз кишини алып, сизге карай келе жатат, — дешти. Жакыптын жаны чыгып, жүрөгү оозуна тыгылды. Дароо адамдары менен малын экиге бөлүп, эки жакка жайгаштырды. "Исав кол салып, бир бөлүгүн жок кылса, экинчиси аман калат" деп ойлонду ал.

— Аталарым Ибрайым менен Исхактын Кудайы! Мени "киндик каның тамган ата-журтуңа кайт, мен сага жакшылык кылам" деген Теңир. Мендей кулуңа кылган ырайымың менен жакшылыктарыңдын эч бирине мен татыксызмын, анткени мына бул Иордан дарыясын куу таяк кармап кечип өттүм эле, эми мына, эки короо малдуу болуп кайтып баратам. О Теңир, мени агамдын колунан куткарагөр, мен андан корком, өзүмө кошуп, бүт үй-бүлөмдү кырып салбасын. Мен сага жакшылык кылып, сенден тараган урпактардын санын деңиз жээгиндеги санаса сан жеткис кумдай көп кылам деп өзүң айткансың, — деп жалбарды Жакып. Анан ошол жерде түнөп калды. Ушундан соң эки жүз эчки, жыйырма теке, эки жүз кой, жыйырма кочкор, ботолору жанында чуркаган отуз саан төө, кырк уй, он өгүз, жыйырма ургаачы, он айгыр эшекти малынан бөлүп алып, агасы Исавка тартуу иретинде жөнөттү. Yйүр-үйүргө бөлүп, ар бир үйүрдү кулдарына өзүнчө дайындап:

— Алдыман жөнөгүлө да үйүр менен үйүрдүн ортосунан аралыкты кармагыла, — деди. Биринчи кулуна:

— Агам Исав алдыңан жолугуп: "Кимдин кулусуң? Кайда баратасың? Айдаган малың кимдики?" деп сураганда: "Кулуңуз Жакыптыкы. Булар таксырым Исавка жиберген анын тартуусу. Өзү артыбыздан келе жатат" де, — деп буюрду. Мал айдаган экинчи, үчүнчү, жана башка кулдарынын баарына ушул сөзүн айтып чыкты. "Исавка жолукканыңарда ушундай дегиле. Кулуңуз Жакыптын өзү да артыбыздан келе жатат дегиле", — деп айтып чыкты. Мындай кылганынын себеби ал ичинен: "Алдыман жиберген тартууларым менен жүрөгүн жибитип, көңүлүн алайын да анан жүз көрүшөйүн, балким мени кабыл алаар" деп ойлогон эле. Ошентип анын белектери алдынан жөнөдү,өзү болсо ошол түнү журтта түнөп калды. Бирок түн ичинде ойгонуп, эки аялын, эки күңүн жана он бир баласын алып, Явок өзөнүнүн аркы жээгине өткөздү. Алардын артынан колунда болгон нерсесинин баарын алып өттү да өзү жалгыз калды.

Жакыптын Кыдыр* менен төртүнчү ирет кезигиши жана Исраил атка конушу
(32:24-32)

Жалгыз калган Жакып менен кимдир бирөө таң атканга чейин күрөшүп чыкты. Жеңе албай баратканын көрүп, жамбашын чыгара сокту. Анан Жакыпка:

— Кое бер мени, карачы таң атып кетти, — деди.

— Батаңды бермейин кое бербейм, — деди Жакып тырышып. Тиги:

— Атың ким? — деди.

— Жакып.

— Мындан ары атың Жакып эмес, Исраил* болот, анткени сен Кудай менен күрөштүң, эми адамдарга үстөмдүк кыласың, — деди баягы. Ошондо Жакып да андан:

— Сен да атыңды айт! — деп сурады. Тигил:

— Менин атымды билип эмне кыласың, — деди да Жакыпка ошол жерден батасын берди. "Мен Кудайдын жүзүн көрсөм да аман калдым" деп, Жакып ошол жерди "Кудайдын жүзү" атады. Жакып жамбашынан сылтып, "Кудайдын жүзүнөн" өтүп баратканда күн чыкты. Ошол себептен Исраилдин урпактары бүгүнкү күнгө дейре малдын жамбашынын тарамышын жешпейт, анткени Жакып менен күрөшкөн баягы Кудурет анын жамбашындагы тарамышка колун тийгизип койгон эле.

Жакыптын Исав менен элдешүүсү
(33:1-20)

Жакып алды жагына көз чартырып, агасы Исавдын төрт жүз адам менен келе жатканын көрдү. Ошондо балдарын Лияга, Рахилага жана эки күңүнө бөлүп берди да күңдөрүн балдары менен алдыга, Лияны балдары менен ортого, ал эми Рахила менен Жусупту арт жакка жайгаштырды. Өзү болсо алдыга чыгып, агасынын алдына келип, башын жерге жеткизе ийип, жети ирет жүгүндү. Ошондо Исав Жакыптын алдынан тосо чуркап, мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөп, экөө тең шолоктоп ыйлашты. Анан Исав Жакыптын артындагы аялдары менен балдарын көрүп:

— Булар кимдериң? — деп сурады. Жакып:

— Кудайдын кулуңузга белек эткен балдары, — деп жооп берди. Ошондо күңдөр балдары менен басып келип таазим этишти. Алардын артынан Лия да балдары менен келип таазим кылды. Акырында Жусуп менен Рахила да келип, таазим этишти. Ошондо Исав:

— Менин жолуман жолуккан күтүрөгөн малың эмне үчүн? — деди. Жакып:

— Таксырым сиздин алдыңызда ырайым табуу үчүн, — деп жооп берди.

Исав:

— Боордошум, менде көп, өзүмө жетет, сеники сенде эле калсын, — деди.

— Жок, алдыңыздан ырайым тапкан болсом, сунган белегимди алып коюңуз, анткени мен сиздин жүзүңүздү көргөндө Кудайдын жүзүн көргөндөй болдум. Сиз мени жылуу кабыл алдыңыз. Эми менин берген батамды кабыл этип коюңуз, анткени Кудайым мага ырайым этип, баарын берди, — деп, Жакып агасын көндүрдү. Исав анын тартуусун кабыл алды да:

— Эми жөнөйлү, мен алдыңан барайын, — деди. Жакып:

— Таксырым, балдардын жаш, бодо малым менен кара малымдын саамал экенин көрдүңүз, катуу айдап жөнөсөк малдын баары бир күндүн ичинде кырылып калат. Ошондуктан, сиз бара бериңиз, а мен болсом мал менен балдардын басыгына жараша акырын басып, Сеирден жолугушайын, — деди. Исав:

— Жанымдагы адамдардын бир нечесин сага калтырайын, — дегенде Жакып:

— Мунун кандай кереги бар? Таксырымдын көңүлүн тапсам эле болгону, — деп жооп берди. Ошентип Исав ошол эле күнү өз жолуна түшүп, Сеирге кайтып кетти. Жакып болсо Суккот тарапка барып, өзүнө үй, малына короо салды. Ушундан улам ал жер "Короо" аталып калган.

Кийин Месопотамиядан аман-эсен кайтып, Канан жергесиндеги Шехем шаарына келди да анын дарбазасынын алдына жайгашты. Шехемдин атасы Еммордун балдарынан жүз күмүш теңгеге ошол жердеги талаанын бир бөлүгүн сатып алып, чатырын тикти. Анан курмандык чалчу жай куруп, аны “Исрайылдын Кудай тааласы”деп атады.

Зордук
(34:1-31)

Бир күнү Лиянын Жакыпка төрөп берген Дина аттуу кызы ошол жердик кыздар менен таанышсам деген максатта сыртка чыкты. Ошол жердин акими — Евеялык Еммордун баласы Шехем алдынан чыгып, аны кармап алып зордуктап салды. Динага ашык болуп, жаны жармашып калган ал кыздын көңүлүн таба сүйлөдү. Анан атасына барып "мага ушул кызды алып бер" деп суранды. Кызын Еммордун баласы бузуп койгону Жакыпка угулду. Бирок балдары талаада мал жайып жүргөндүктөн улам, алар келгиче эч кимге ооз ачпады. Ал эми Шехемдин атасы болсо Жакып менен сүйлөшкөнү алдына келди. Ошол убакта Жакыптын балдары да талаадан келип калышты. Иштин жайын укканда түнөрүшүп, абдан ачууланышты, анткени Шехем Жакыптын кызын бузуп, Исраилдин абийирин төктү. Бул туура эмес иш эле. Еммор сөз баштап:

— Кызыңарга баламдын көңүлү түшүп калыптыр, эми кызыңарды бергиле. Куда-сөөк бололу, ынтымакта жашайлы. Жер болсо кенен, чарба күтүп, ээлик кылгыла, — деди. Шехем болсо:

— Көңүлүңөрдү тапсам эле болгону, айтканыңарды берейин, калыңын канча деп бычсаңар макулмун, кызды эле берсеңер болду, — деди. Ошондо Жакыптын балдары Шехем менен Емморго митайымдык менен жооп беришти. Анткен себеби алардын карындашынын абийирин тепселеп кетпедиби Шехем.

— Жок, андай кыла албайбыз, сүннөткө олтургузулбаган адамга карындашыбызды бере албайбыз, бул биз үчүн уят иш. Силер да бизге окшоп, бардык эркек аттууңар сүннөткө олтурганда гана макулдугубузду беребиз. Анан кыз алып, кыз беришип, куда-сөөк бир эл, бир журт болуп, чогуу жашайбыз. А эгер айтканыбызга көнбөй, сүннөткө олтурбасаңар, кызыбызды алабыз да кетип калабыз.

Бу сөздөр тигилерге жагып калды. Атасынын эң сыйлуусу болгон жаш жигит Жакыптын кызына ашык болуп калгандыктан айткандарына буйдалбастан макул болду. Анан атасы экөө шаардын дарбазасына келип, андагы жашагандарга:

— Бул адамдардын бизге жаман ою жок экен. Жерибизге келип, чарбасын жүргүзө беришсин, жер кенен эмеспи. Кыз алып, кыз беришип, туугандашалы. Бирок баарыбыз алар сыяктуу сүннөткө олтурсак кана алар биз менен жашап, бир эл, бир журт болууга макул болушат экен. Биз менен бирге турса малы-мүлкүнүн баары биздики болот да. Айтканына көнсөк эле болду, биз менен калышат, — дешти. Шаар дарбазасынан кирип-чыккандардын баары алардын тилин алып, сүннөткө олтургузулушту. Yч күндөн кийин баары ооруп жатканда Динанын агалары — Жакыптын эки уулу Ысман менен Левий кылычтарын алып, тайманбастан шаарга кол салып, эркек аттуунун баарын кырып салышты. Еммордун өзүн да, баласы Шехемди да өлтүрүшүп, анын үйүнөн Динаны алып чыгып кетишти. Жакыптын башка балдары өлтүрүлгөндөргө келип, карындашын бузганы үчүн шаарды тоноп кетишти. Бодо малы болобу, кара малы болобу, эшеги болобу, шаардагы, талаадагысынын баарын айдап кетишти. Бардык байлыктарын олжолоп, балдарын, аялдарын туткундап, үйлөрүндөгү дүнүйөсүнүн баарын тоноп кетишти. Бирок Жакып Ысманменен Левийге:

— Силер ферезейлер менен канандыктарга мени жек көрүндү кылып, куураттыңар. Адамым болсо аз. Эгер булар чогулуп алып кол салышса, мени жеңип, үй-ичим менен тыптыйпыл кылат, — деди. Бирок алар:

— Эмне үчүн анда карындашыбызды сойкудай көрүп, намысын тебелеп тепседи, — деп жооп беришти.

Жакыптын Кудай менен бешинчи ирет кездешүүсү
(35:1-9)

Кудай Жакыпка:

— Жыйнал да Бетелге барып, ошерде жаша. Агаңдан качып баратканда көрүнгөн Кудайга курмандык чала турган жай кур, — деди. Ошондо Жакып үйүндөгүлөргө, жанындагылардын баарына кулактандырды:

— Алып жүргөн бөтөн кудайларды таштагыла да, тазалануу расмисинен өтүп, кийимиңерди алмаштыргыла. Бетелге барабыз. Ал жерде башыма мүшкүл түшкөндө зарымды угуп, сапарымда жар болгон Кудайга курмандык чала турган жай курам.

Колунда болгон чет элдиктердин бардык буркандарын, кулактарындагы сөйкөлөрүн Жакыпка беришти. Жакып аларды Шехемге жакын жердеги бир эмендин түбүнө көмүп салды. (Ушул күнгө чейин алардын кай жерде экенин эч ким билбейт). Анан Шехемден чыгып кетишти. Айлана-тегеректеги шаарларга Кудай коркунуч туудургандыктан Жакыптын балдарынын артынан сая түшүп кууганга дити барбады.

Жакып жанындагы бардык адамдары менен бирге Канан жергесиндеги Лузга (башкача айтканда Бетель) келди. Келип, курмандык чала турган жай куруп, ал жерди Эль-Бетель деп атап койду. Анткени так ушул жерден агасынан качып баратканда Кудайга жолуккан эле.

Ошол кезде Рабиганын баккан энеси каза болуп, сөөгү Бетелден бир аз ылдыйдагы эмендин түбүнө коюлду. Жакып аны "Ый Эмен" деп атады.

Жакыптын Кудай менен алтынчы жолку кездешүүсү
(35:9-15)

Месопотамиядан кайтып келгенден кийин Жакыпка Кудай кайрадан көрүнүп, батасын берди. "Сенин атың — Жакып. Бирок мындан ары Исрайыл болосуң", — деп, Жакыпты Исраил атка кондурду. "Мен кудуреттүү Кудаймын, — деди ал Жакыпка, — өркөнүң өссүн. Сенден бир эл чыгат. Андан башка да көптөгөн башка элдердин атасы болосуң. Ибрайым менен Исхакка берген ушул жерди сага жана сенин урпактарыңа берем". Ушуну айтып, ал жерден көккө көтөрүлүп, көздөн кайым болду. Жакып Кудай менен сүйлөшкөн ошол жерге таштан эстелик коюп, үстүнө шарап куюп, май менен майлады да Бетель деп атады.


Рахиланын каза болушу
(35:16-21)

    Анан Бетелден чыгып, сапарын улантышты. Ефрафага бир аз калганда Рахиланын ай-күнү жетип, төрөдү. Төрөтү абдан оор болду. Толготуп жатканда аначы кемпир:

— Коркпо, мунуң да уул, — деди. Жаны чыгып баратканда баланы Бенони деп атап кетти. Бирок атасы Бенжамин деп атады.. Ошентип Рахила каза болуп, Ефрафага бараткан жолдо сөөгү көмүлдү. Жакып бейитине эстелик курду. Ошол таш эстелик дале да турат.

Жакыптын балдары
(35:22-26)

Жакып ал жактан чыгып, Гадер мунарасынын арт жагына жетип, чатырын тигип, отурукташты. Ошол элде жашап жүргөндө Рубими ВКудай деген токолунун койнуна кирип, атасынын төшөгүн булгады. Бул иш Исраилге да жетти. Жакыптын он эки баласы бар эле:

Лиядан: тун уулу Рубим, андан кийинкиси Ысман, Левий, Яхуд, Иссахар жана Завулон.

Рахиладан: Жусуп менен Бенжамин.

Рахиланын күңү Кудайдан: Дан менен Неффалим.

Лиянын күңү Зелфадан: Гад менен Асир. Булар Жакыптын Месопотамияда туулган балдары.

Исхактын дүйнөдөн кайтышы
(35:27-29)

Жакып Хеврон деп аталган Кириф-Арбадагы Мамреге, атасы Исхакка кайтып келди. Ибрайым менен Исхак бөтөн адамдар катары журттан журтка көчүп-конуп жашап турушкан жер ушул жер.

Исхак жүз сексенге чыгып, терең карып, өмүргө тоюп, о дүйнө кетти. Уулдары Исав менен Жакып анын сөөгүн жерге беришти.

1-5 бап, 6-10 бап, 11-20 бап, 16-20 бап, 21-25 бап, 26-30 бап, 31-35 бап, 36-40 бап, 41-45 бап, 46-50 бап

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2000 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz