Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

БАШТАЛЫШТАР
(pdf, doc)

Исхак Филистимде
(26:1-11)

Исхак жашаган жерде, мурда Ибрайымдын тушунда болгондой катуу ачарчылык жүрүп, ал Абдумаликтин жери тарапка жол тартты. Ошондо Теңир алдынан чыгып: "Египетке түшпөй мен айткан жерде жаша! Мен дайыма сага жар болуп, батамды берем. Атаңа берген антымды орундатып, ушулжерлердин баарын балдарыңа берем. Аларды жыбыраган жылдыздардай кылып көбөйтөм. Сенин уругуң аркылуу жер жүзүндөгү мүлдө адамзатка батам тиет. Себеби атаң Ибрайым тилимди алып, айтканымдын баарын сактаган" дегенинен улам ал Герарда калып калды.

Рабиганы аялым десем ага көз арткандар көзүмдү тазалайбы деп коркуп, сураган кишилерге карындашым деп койчу. Анткени Рабига ай-чырайлуу, келишкен сулуу аял эле.

Арадан бир топ убакыт өттү. Бир күнү Абдумалик терезесинен Исхак менен Рабиганын жубайларча ойноп жатканын көрүп калды. Анан Исхакты чакырып алып:

— Рабига аялың турбайбы кокуй! Эмнеге карындашым дедиң? — деди.

— Ооба таксыр, анын айынан мени өлтүрүп коюшабы деп... — деди Исхак мукактанып.

— Бул эмне кылганың? Элден бирөө аялыңа жакындап кое жаздады, антсе, бизди күнөөгө батырмаксың.

Абдумалик буларга тийген киши өлүм жазасына тартылат деп элге жарыя кылды.

Исхактын Филистимден куулушу жана Абдумалик менен түзгөн келишими
(26:12-33)

Исхакка Теңир жар болуп, ошол жылы сепкен эгининен жүз эселеп түшүм жыйнап алды. Анын дүнүйөсүнүн үстүнө дүнүйө кошулуп отуруп, абдан байып кетти. Ошондон улам филистимдиктер ич күйдүлүк кылышып, атасы Ибрайымдын көзү тирүүсүндө анын кулдары казган кудуктардын баарын көмүп, кыянаттык кыла башташты. Абдумалик да "биерден кет, анткени бизден күчтүү болуп кеттиң" дегенинен Герар өрөөнүнө көчүп кетти.

Тигилер толтуруп салган кудуктарды кайрадан тазалап, аларга атасынын көзү тирүүсүндөгү аттарын кайра берди. Бир жолу Исхактын кулдары кудук казып жатып, кайнар булакка туш болушту. "Бул суу биздики" деп, герардык чабандар Исхактын чабандарынан талаша кеткенинен Исхак аны "Талаш кудук" атап, башка кудук казганы кетип калды. Экинчисин да талашып, касташа башташканынан аны "Жаңжал кудук" атап, аны да калтырып, үчүнчү кудукту казды. Бул кудукту эчкимиси талашпады, ошондо Исхак: "эми өрүшүбүздү жайып, өркүндөп өсөбүз" деп аны "Кең өрүш кудук" атады да Вирсавияга журт жаңыртты. Ошол түнү ага Теңир аян берип: "Мен атаң Ибрайым сыйынган Кудаймын. Сен коркпо, ар дайым жаныңда болуп, батамды берем. Кулум Ибрайым үчүн урпагыңды көбөйтөм ",— деди. Исхак курмандык чала турган жай орнотуп, Теңирге тайынды. Ошол жерге чатырын тигип, кулдарына кудук каздырды.

Ошол күндөрдүн биринде аскербашчысын жанына алып, Абдумалик келди. Исхак аларга:

— Ии, келип калыпсыңар! Өчөшүп, араңардан кууп жибербедиңер беле?— деди зекий.

— Теңир колдогон киши экениңди ачык билип, сени менен ант менен бекитилген келишим түзүүнү чечтик. Ошондуктан бири-бирибизге шарт коелу: биз сага тийишпей, жакшылык гана кылып, тынчтык менен кое бердик эле, мына, сага Теңир эми батасын берип отурат, эми сен да бизге жамандык кылбайм деп ант бер.

Исхак аларды жакшылап сыйлап, эртеси эрте туруп, алар менен ант бекитип, тынчтык менен узатып койду. Ошол күнү Исхактын кулдары суу таптык деп кабар жеткиришти, Исхак аны "Вирсавия" атады. Ошол жердеги шаар азыр Вирсавия деп аталат.

Ал эми Исав болсо кыркка чыкканда хеттик эки аял алды. Бирок Исхак менен Рабига бул келиндеринен көп убайым жешти.

Жакыптын агасын алдап, тунгучтук укунгун сатып алышы
(27:1-29)

Исхак абдан карып, көзү көрбөй калды. Ошондо улуу баласын чакырып алып мындай деди:

— Уулум, мен карыдым, өлөөр күнүм белгисиз. Бачымыраак курал-жарагыңды ал да илбээсин атып келип, сүйгөн тамагымды жасап бер, өлө элегимде сага батамды берип калайын.

Рабига тыңшап турган. Улуусу талаага кетээр менен укканын Жакыбына айтып берди.

— Эми, балам, тилимди ал,— деди Рабига Жакыпка, — короого барып, семиз улактан экини апкел. Мен атаң сүйгөн тамакты жасайын. Сен астына апарып, өлөөр алдында батасын алып кал.

— Агам Исав түктүү адам, а мен болсом сыйдамын да? Кокус, сыйпалап калса, калпым чыгып, алдында алдамчы болсомчу? Батасын эмес каргышын алып калбайын,— деди Жакып коркуп. Энеси ага:

— Каргыш-балакетиңди мен алайын, тил алып, айтканымды апкел! — деди.

Жакып энесинин тилин алып, айтканын апкелди. Рабига чалынын сүйгөн тамагын жасады. Анан Жакыпка үйүндө илинип турган улуу уулунун сый кийимин кийгизип, колу-мойнуна улактын терисин ороду да тамакты колуна карматып, атасынын үстүнө киргизди.

— Атаке,— деди Жакып босогону аттап. Исхак:

— Атаң айлансын, кайсы баламсың?— деди бүшүркөп.

— Тун уулуңуз Исавмын, айтканыңызды аткардым. Туруп, илбээсинимди жеп, батаңызды бериңиз.

— Тез эле атып келе калдыңбы, балам?— деди Исхак шекший. Жакып:

— Анткени сиз сыйынган Теңир алдыма салып берди,— деди.

— Жакын келчи балам, Исавымсыңбы же жокпу сыйпалап көрөйүн.

Жакып жанына барды. Исхак сыйпалап көрүп: "Кудая тообо, дабышы Жакыптыкы да колдору Исавдыкындай",— деп кобуранып алды да:

— Уулум Исав сенсиңби? — деп сурады дагы бир мертебе. Жакып:

— Ооба,— деп жооп берди.

— Анда апкел, айланайын, илбээсиниңди жеп, батамды берейин.

Жакып атасынын алдына энеси даярдаган тамакты апкелип койду. Атасы берген тамагын жеп, шарабын ичип бүттү да:

— Уулум, келип, бетимден сүйчү,— деди. Жакып басып барып, бетинен өпкөндө, атасы анын үстүндөгү Исавдын кийиминин жытын сезип, мындай деп батасын берди:

“Теңир жалгаган талаанын жытындай болгон жытыңдан айланайын! Ылайым Кудайым сени жамгырдан, берекелүү жерден, эгин менен ширеден кем кылбасын! Калктар сенин кызматыңды кылышсын! Элдер сенин алдыңда, таазим этишсин!

Агайын-туугандарыңдын бийи болгун! Сага наалат айткандар, өздөрү наалатка калсын!

Сени алкагандар алкышка тунушсун!”

Пайдасыз өкүнүч
(27:30-40)

Жакып атасынын алдынан чыгаар менен талаадан Исав келди. Ал да тамак жасап, атасынын алдына апкелди да:

— Ата, туруңуз, илбээсинимди жеп батаңызды бериңиз,— деди эч нерседен бейкапар.

— А кимсиң сен?

— Тун уулуң Исавмын.

Исхак селт элтип, катуу чочуп кетти.

— Кокуй, анда сенин алдыңда илбээсин апкелген ким эле? Мен анын бергенин жеп, батамды берип койбодумбу? Эми батам анын үстүндө калды.

Ошондо Исав:

— Ата, мага да батаңызды бериңиз, — деп туталанып ыйлап жиберди.

А бирок атасы:

— Иниң куулук менен келип, сага бере турган батамды алып кетти,— деди.

— Аты бекеринен Жакып* эмес экен анын, ал мени эки ирет сызга отургузду. Адегенде туңгучтук укугумду, эми болсо мага тийиштүү батаны алдап алды,— деди Исав, ичи өрттөнүп, — ата, чындап эле мен үчүн батаңыздан калтырган жоксузбу?

— Алда балам ай, мен аны сага бий кылып, бардык агайындарын кол алдына бердим. Эгин менен ширеге карк бол дедим. Эми сага эмнени берейин?

— Атаке, батаңыз бирөө элеби?

Исав өңгүрөп, ыйлап жиберди. Ошондо Исхак ага мындай деди:

"Ээ балам, сен жер соорусунан оолакта, көк шүүдүрүмүн көрбөй, алыс жакты мекендейсиң. Кылычың менен жан багып, иниңе кызмат кыласың. Сенин да саатың келет бир убактарда. Ошондо башыңа катылган ноктону, силкип таштайсың".

Алдамчылыктын алгачкы жемиши
(27:41-46)

Исав ошондон баштап, Жакыпты жек көрүп калды. "Атамдын көзү өтөөр кез келатат, ошондо аны өлтүрөм", — деди ал. Бул сөз Рабигага жетип, ал Жакыбын чакыртып алды да: "Агаң көзүңдү тазалайм деп коркутуп жатат. Эми, балам, тилимди ал, тезирээк Карандагы агамкына кач. Агаңын ачуусу тарап, сенин ага кылган ишиңди унутканча, ошонукунда жашай тур. Кийин киши жиберип, алдырып алам. Бир күндө экөөңдөн тең ажырап, көзүмдү кашайткым келбейт?"— деди.

Каранга сапар
(28:1-9)

Исхак Жакыпты чакырып алып, батасын берди да "канандыктардан аял алба!" деп катуу эскертти. “Месопотамиядагы таятаңкына барып, таякең Лабандын кыздарынан ал, — деди ал, — кудуреттүү Кудай жалгап, укум- тукумуңду көбөйтүп, көп улуттардын түп атасы кылсын. Ибрайымга берген батасы сага жана сенин урпактарыңа тийип, азыр бөтөн адам болуп жашап жаткан жердин ээси бол”.

Ошентип, Исхак баласын жолго салды. Исав болсо мунун баарын байкап турган. Жакып ата-энесинин тилин алып, Месопотамияга кеткенин да көрдү. Атасынын сөзүнөн канандык аялдарды жактырбаганын билди. Анан Исмайылга барып, эки аялынын үстүнө анын кызын алды.


Жакыптын түшү жана Кудай менен биринчи жолугуусу
(28:10-22)

Күн батканда, Жакып бир жай таап, таш жазданып, жата кетти. Түшүнө жерден көккө чейин жетип турган шаты кирди. Кудайдын периштелери аны менен чыгып-түшүп жатыптыр. Анан ошол шатынын жанында турган Теңирди көрдү. Ал Жакыпка мындай деди: "Мен — Теңирмин, атаң Ибрайым менен Исхактын Кудайымын. Жаткан жериңди сага жана урпактарыңа берем. Тукумуң кумдай көп болуп, төрт тарапка жайылат. Сен жана сенин урпактарың аркылуу мүлдө адамзатка батам тиет. Мен сага жар болуп, кайда болбо — коргойм, кийин сени ушул жерге кайра алып келем. Убадамды орундатмайын сени калтырбайм".

Жакып ойгонуп кетип: "Бул жерде Теңир бар экенинде шек жок, а мен билбептирмин! Бул жер касиеттүү жер экен, биерде Кудайдын үйү бар экен, көккө кире турган эшик экен",— деди эси чыгып.

Эртеси кулан өөк туруп, жазданган ташын эстелик катары койду да үстүнө май куйду. Ал жерди Бетель атап, анан мындай деп сөз берди: "Эгер Кудай мага жар болуп, ушул сапарымда аман сактап, ичер тамагым менен киер кийимимден аздыртпай, үйүмө аман келсем, анда сыйынчу Кудайым — Теңир болот. Эстелик катары койгон мына бул ташты ага табына турган жай кылам. Теңир, ошондо мага берген нерсеңдин бардыгынан ондон бирин сага берем".

Жакыптын таекеси Лабандын үйүнө келиши
(29:1-14)

Жакып күн чыгыштагы өлкөгө келип, талаадагы кудукту тегерете жуушап жаткан үч короо койго туш болду. Койчулар малы түгөл чогулганда кудуктун оозундагы килейген ташты жылдырып, малын суугарып алып, кайра ордуна коюп коюшчу.

— Бурадарларым, кай жерден болосуңар? — деп сурады Жакып чабандардан.

— Каранданбыз,— дешти бир ооздон.

— Нахордун Лабан деген баласын тааныйсыңарбы?

— Ооба, тааныйбыз.

— Күүлүү-күчтүүбү?

— Күүлүү-күчтүү, сак-саламатта. Тигине, кызы Рахила коюн айдап келе жатат.

— Али күн эрте го, койлорду жыйнай турган маал боло элек. Суугарып алып, дагы жая түшкүлө!

— Койлор түгөл жыйылып, кудуктун оозун ачмайынча суугара албайбыз.

Жакып койчулар менен сүйлөшүп жатканда жайган коюн айдап Рахила келип калды. Жакып таякеси Лабандын кызы менен малын көргөндө, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, аларга суу ичкизди. Анан Рахиланы бетинен сүйүп, буркурап ыйлап, ким экенин айтты. Кыз жүгүрүп барып, муну атасына жеткирди. Атасы жээнинин кабарын угаары менен алдынан тосо чыгып, бооруна кысып, бетинен өөп, үйүнө алып кирди. Жакып ага болгон ишти айтып бергенде: "Бир боорум келиптир" деп жадырап жайнап кабыл алды.


Жакыптын Лабанга Рахила менен Лия үчүн өтөгөн кызматы
(29:15-30)

Арадан бир ай өттү. Бир күнү Лабан Жакыпка:

— Жээним, тууганым болгонуң үчүн бекер иштешиң керекпи? Айтчы, акыңа эмне берейин? — деди.

Лабандын Лия, Рахила атуу эки кызы бар эле. Лия анча сулуу эмес болсо, Рахиласы ай-чырайлуу, мүчөсү келишкен татынакай кыз эле. Ошондуктан Жакып Рахилага көңүлү түшүп, Лабанга:

— Кичүү кызыңыз үчүн жети жыл иштеп берүүгө даярмын,— деп жооп берди.

— Жаттан көрө сага бергеним дурус эмеспи, мейли, үйүмдө жашай бер.

Жакып Рахила үчүн жети жыл кызмат өтөдү. Ал Рахиланы сүйгөндүктөн, бул жылдар тез эле, зымырап өтүп кетти. "Таяке,— деди ал ошондо Лабанга келип,— мөөнөтүм бүттү, эми колуктумду бериңиз, үйлөнгүм келип жатат". Лабан элдин баарын чакырып, күтүрөтө той берди. Кеч киргенде Рахиланын ордуна Лиясын жетелеп келип, Жакыптын үстүнө киргизди. Кызына өз күңү — Зельфаны күңдүккө берди. Таң атканда Жакыптын жанындагы Лия болуп чыкты! Ошондо ал Лабанга жетип келип:

— Бул эмне кылганыңыз? Сизге Рахила үчүн кызмат кылбадым беле? Эмнеге мени алдап койдуңуз? — деди.

— Биздин салтыбыз боюнча улуусунан мурда сиңдисин күйөөгө берүүгө болбойт. Мейли, Лиянын келиндик жумалыгы бүтсүн, анан Рахиланы да беребиз. Бирок ал үчүн дагы жети жыл иштеп берүүгө тийишсиң!

Жакып буга көнүп, бир жума Лия менен болгондон кийин Рахилага үйлөндү. Лабан бул кызына да Кудай деген күңүн кызмат кылууга кошуп берди. Жакып Лияга караганда Рахиланы көбүрөөк сүйчү. Ал үчүн дагы жети жыл таякеси Лабанга кызмат өтөдү.

Жакыптын урпактары
(29:31- 30:24)

Теңир күйөөсү анчейин сүйбөгөнүн көрүп, Лияга ырайым кылды. А Рахила болсо төрөбөс аял эле.

Лия кош бойлуу болуп, уул төрөдү. "Теңир башыма түшкөн азапка назарын салды, эми эрим мени сүйө турган болот", — деп биринчисин Рувим атады. Экинчисин төрөгөндө: "Сүйүктүү жары эмесмин деп зарлаганымды угуп, Теңир муну да берди", — деп анысын Ысман атады. Үчүнчүсүн төрөгөндө: "Күйөөм мага эми жабышат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим", — деп мунусун Левий атады. Төртүнчүсүн төрөгөндө: "Эми Жаратканды мактайм", — деди. Ошондуктан анын аты Яхуд коюлду. Ушундан кийин төрөтү токтоду.

Рахила өзү төрөбөс болгондуктан эжесине көз артып:

— Мага бала бербесеңиз өлөм!— деди Жакыпка бир күнү.

— Мен сени туубас кылган Кудай таала белем! — деди Жакып буга кыжыры кайнап.

— Кудайны караңызчы, — деди Рахила ошондо — ал менин күңүм, ошо менен жатыңыз, ал тиземе төрөп берип, андан балалуу болуп алайын.

Ошентип Рахила күңүн эрине алып берди. Күңү Жакыпка эки уул төрөдү. Биринчисин төрөгөндө Рахила: "Теңир мен үчүн ортого түшүп, зарымды угуп, мага уул берди", — деп анын атын Дан койду. Экинчисин төрөгөндө: "Эжем менен таймашып, аны жеңип алдым", — деп, аны Неффалим атады.

Лия да өзү төрөбөй калганда эрине күңүн салып берди. Ал да Жакыпка эки уул төрөдү. Биринчисин төрөгөндө Лия: "Бул не деген бакыт!" — деди да, аны Гад атады. Экинчисин төрөгөндө: "Мен таалайлуумун, эми аялдар мени бактылуу деп аташат",— деп аны Ашыр атады.

Оруу-жыюу маалынын бир күнү Рувим талаадан ышкы алмасы деп атала турган жемишти таап алып, энесине апкелди. Муну төрөбөй жүргөн Рахила көрүп калып, Лиядан:

— Уулуң апкелген жемишти мага берчи,— деп суранды.

— Күйөөмдү ээлеп алганың аз келгенсип, эми баламдын алмасына асылдыңбы! — деди Лия чуучуңдап. Рахила:

— Мейли, анда балаңдын алмасы үчүн Жакып ушул түнү сени менен жатсын, — деди алмадан көзү өтүп.

Жакып кечке маал талаадан кайтканда Лия алдынан чыгып: "Сиз бүгүн меникинде болосуз, анткени уулум апкелген махабат алмасына сизди сатып алдым", — деп, аны үйүндө алып калды. Кудай Лиянын тилегин орундатып, кош бойлуу кылды. Ал бешинчи уулун төрөгөндө: "Күңүмдү күйөөмө алып бергеним үчүн Кудай мага сыйлык берди", — деп аны Иссахар17атады. Ушундан соң дагы бир уул төрөдү. "Жараткан мага эң сонун белек берди, эми эрим меникинде жашайт, анткени мен ага алты бала төрөп бердим",— деп аны Завулон атады. Алтынчысынан кийин кыз төрөп, Дина атады.

Кудай Рахиланы эстеп, төрөбөстүктөн айыктырды. Рахила уул төрөп: "Шерменделигимди Кудайым алып таштады, Теңирим мага дагы уул берет",— деп аны Жусуп атады.

Жакыптын байлыгы
(30:25-43)

Жусуп төрөлгөндөн кийин Жакып Лабанга мындай деди:

— Эми, таяке, үй-бүлөмү алып, өз жериме кетүүгө уруксаат бериңиз. Үй-бүлөм үчүн кылган кызматымды билесиз.

— Жээним, эгер көңүлүңдү тапкыдай бир жакшылык кылган болсом, кал деп суранам! Сен үчүн Теңир мени ырыс-кешиктүү кылып атканын байкап жүрөм. Айтчы, кылган кызматың үчүн канча төлөп берейин? — деди Лабан аны кое бергиси келбей.

— Сизге кылган кызматымды билесиз. Мага чейин малыңыз аз гана эле, эми кандай көбөйгөнүн көрүп турасыз. Менин келишим менен сизди Теңир жалгады. Эми мен өзүмүн үй-бүлөм үчүн да иштешим керек да.

— Айтчы, сага эмне берейин?!

— Эч нерсе бербей эле коюңуз. Бир шартымды аткарсаңыз эле кайрадан коюңузду багып берем. Бүгүн короолоруңузду аралап, темгил, ала кой-эчки менен кара козуларды бөлүп коеюн. Мындан ары ушундай мал менин кызмат акым болсун. Кийин менин кызмат акымды көргөнү келгениңизде, менден мала эмес эчки менен кара эмес кой чыкса, демек уурдалган.

Сиздин алдыңызда актыгымды ошентип текшерсеңиз болот.

— А макул, айтканыңдай болсун.

Лабан ошол күнү жогоруда айтылган малды бөлүп, балдарына берди да, Жакыптан үч күндүк жолдой жерге көчүп кетти. Жакып болсо анын калган малын багып кала берди.

Жакып куут маалында терек, бадам жана чынардан жаш чыбык кыйып алып, ар-ар жерин агарта аарчып, мал суугарган аштоолорго салып койду. Мал чыбыктарды карап суу ичип, ошол эле жерде жалгашкандыктан темгил, ала төлдөй башташты. Жакып бул төлдү Лабандын малынан бөлөк кармап, төмөн жакка айдап турду. Ар дайым куут убагында тың мал келсе аштоого чыбык салып, начар мал келсе салчу эмес. Натыйжада малдын тыңы Жакыпка калып, начары Лабанга тийип турду. Ушундай жол менен Жакып абдан байып кетти. Артын төрт түлүк мал басып, кул-күңдөрү көбөйдү.

1-5 бап, 6-10 бап, 11-20 бап, 16-20 бап, 21-25 бап, 26-30 бап, 31-35 бап, 36-40 бап, 41-45 бап, 46-50 бап

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2010 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz