Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

БАШТАЛЫШТАР
(pdf, doc)

Кудайдын убадасынын аткарылышы
(21:1-8)

Теңир айткан маалда Сарра жүз жаштагы чалы Ибрайымга уул төрөдү. Ибрайым баласынын атын Исхак коюп, Кудай осуяттагандай сегиз күндүгүндө сүннөткө отургузулду. "Кудай багымы ачты, эми уулдуу болгонумду уккандар кубанычыма ортоктош болот. Чиркин десең, мени төрөп, бала эмизет деп ким ойлоптур? Бирок карыса да Ибрайымды уулдуу кылдым", - деп Сарранын кубанычы койнуна батпады.

Агар менен Исмайылдын куулушу
(21:8-21)

Исхак эмчектен чыккан күнү атасы чоң той берди. Ошол убакта Исмаил он төрттө эле. Бир күнү Сарра анын Исхакты келекелеп жатканын көзү чалып калды да Ибрайымга: "Мынабу күңдү баласы менен кошуп кууп жибер. Анын баласын Исхагым менен энчилеш кылгым келбейт",— деди. Ибрайым баласын ойлоп, ичи ачышты. Бирок Кудай таала: "Балаң менен токолуң үчүн кабатыр болбо. Байбичеңин тилин ал, анткени сенин уругуң Исхак аркылуу көбөйөт. Күңүңдүн баласынан да эл жаратам, анткени ал да сенин уругуң",— деп анын көңүлүн жубатты. Ал эртеси таңазанда турду да, нан менен бир чанач сууну Агардын ийнине артып, баланы колуна жетелетип, жолго салды.

Агар чөлдө баратып, Вирсавиянын тушунда адашып кетти. Суусу да түгөнүп калды. Ошондо баланы бадалдын түбүнө жаткырып, өлгөнүн көзүм көрбөсүн деп, бута атым жерге отуруп алып, канкакшап, ыйлай баштады. Кудай баланын үнүн укту. Ошондо Кудайнын периштеси: "Агар, сага эмне болду? Коркпо, балаңдын үнү Кудайга жетти. Кой, ыйлаба, тур да балаңды колунан ал. Мен андан чоң эл жаратам",— деп Агарга кудукту көргөздү. Агар чаначын толтуруп, баланын суусунун кандырды

Кудай бала үчүн кам көрдү. Ал Фаран чөлүндө мерген болуп чоңойду. Эр жеткенде энеси ага Мисирден аял алып берди.

Ибрайым менен Абдумаликтин келишими.
(21:22-33)

Бир күнү Абдумалик аскербашысы менен Ибрайымга келип: "Кудай таала колдогон киши экенсиң. Ошондуктан мен сага кандай жылуу мамиле кылган болсом, сен да мага, балама, небереме, конок катары жашап турган жерге ошондой мамиле кылам деп убада бер, мен ошон үчүн келдим",— деди. Ибрайым убада берди, бирок Абдумаликтин адамдары зордук менен тартып алган кудукту айтып, нааразылыгын билдирди. Абдумалик бул тууралуу эч ким айтпаганын, биринчи жолу угуп жатканын айтты. Ошондо Ибрайым ага төрт түлүк малдан тартуу этип, аны менен тынчтык келишим түздү. Ибрайым бул келишимден сырткары жети козу тартуу этип:"Булар кудукту мен казгандыгыма кепил болушсун", — деп Абдумаликтен ант алды... (Ошондон улам ал жер Вирсавия (ант кудугу) аталып калган.)

Тигилер кеткенде Ибрайым Вирсавияга бак отургузуп, анын жанында түбөлүктүү Кудай — Теңирге тайынды.

Ошентип, ал Филистим жеринде келгин катары, бир топ жашап турду.

Ибрайымдын ишеними
(22:1-19)

Ушул окуялардан кийин Кудай Ибрайымдын ишенимин сынамакчы болуп, бир күнү:

— Ибрайым, Ибрайым! — деп үн катты.

— Кулак сизде, — деди Ибрайым.

— Жалгыз уулуң, көкүрөк күчүгүң — Исхагыңды алып, Мориа жерине бар, ошол жердеги тоолордун бирөөн көргөзөм, ошонун чокусуна чык да аны курмандыкка чалып, денесин өрттөп жибер

Ибрайым эртеси кулан өөк туруп, эшегин токуп, курмандыкты өртөөгө жетерлик отун алды да үйүндө өскөн эки малай баланы жана уулу Исхакты ээрчитип, жолго чыкты.

Ибрайым үч күн дегенде Кудай айткан жерди алыстан көрдү. Ошондо малайларына: "Силер эшектин жанында калгыла, уулум экөөбүз тыякка барып, таат-ибадат кылып келели" деп, аларды калтырып, отунду уулунун жонунаартып, өзү от менен бычакты алды да жолун улантты.

— Ата,— деди Исхак бир оокумдан кийин сөз баштап.

— Кулак сенде, балам.

— Атаке, оттук менен отун мына, а курмандыкка чалынып, өрттөлө турган козу кана?

— Уулум, аны убагында Кудай өзү караштырып коет, — деди Ибрайым ага жооп берип.

Ошентип, Кудай көргөзгөн жерге жетип келишти. Ибрайым курмандык өрттөй турган жай жасап, баласы Исхакты таңып туруп, каланган отундун үстүнө жаткырды да колун бычакка сунду. Ошондо көктөн: "Ибрайым, Ибрайым!"— деген Теңирдин периштесинин добушун эшитти. "Балага кол көтөрбө,— деди ал,— Кудайны урматтаганыңды, жалгыз балаңды да менден аябаганыңды көрдүм".

Ибрайым артын кылчая карап, калың бутага мүйүзү менен чалынып турган кочкорду көрдү. Ошону алып, уулунун ордуна курмандыкка чалып, өрттөп жиберди. (Ибрайым ал жерге "Теңир керегиңди берет" деп ат койгонунун себеби ошондон. Эл азыр да ал жерди "Теңир Тоодо Кудай керегиңди өзү берет",— деп коет.)

Периште Ибрайымга экинчи ирет асмандан үн катты: "Теңир мындай дейт: "Мен үчүн жалгыз уулуңду аябай, ушул ишке барганың үчүн өзүмдүн атым менен ант берем: сени ак батама карк кылам, жыбыраган жылдыздардай, көл жээгиндеги кумдай кылып, урук- тукумуңду көбөйтөм, алар кастарынын шаарларын ээлейт, сенин уругуң аркылуу жер жүзүндөгү калктардын баарына батам тиет. Себеби сен менин тилимди алдың".Ибрайым жолдон малайларын алып, Вирсавияга кайтып келип, ал жерде жашап турду.

Нахордун урпактары
(22:20-24)

Ушул окуялардан кийин ал: "Нахор да карындашыңыз Милкадан көп бала- чакалуу болуптур",— деген кабар укту.

Алар: Уц, Вуз, Кемуил, Кесед, Хазо, Пилдаш, Идлаф, Вафуил.

Кемуилден Арам.

Вафуилден Рабига.

Токолу Реумадан: Тевах, Гахама, Тахаш, Мааха.

Сарранын дүйнөдөн кайтышы
(23:1-20)

Сарра 127 жетиге чыгып, Канан элиндеги, Кириат-Арбада көз жумду. Ибрайым аялын жоктоп ыйлап, абдан каттуу кайгырды. Анан хеттиктердин алдына келип:

— Мен жериңиздерде жүргөн бир карып, мусаапыр адаммын. Маркумумду койгонго жериңиздерден сатып алайын дедим эле,— деди. Алар:

— О аксакал, биз сизди Кудайнын адамы деп билебиз. Мүрзөбүздүн эң мыкты жерине көмө бериңиз, эч кимибиз каршы болбойбуз,— деп жооп беришти, чын жүрөктөн кабыл алышып. Ошондо Ибрайым аларга таазим кылып, дагы мындай деди:

— Эгер маркумумду көмгөнгө макул болсоңуздар, анда Цохардын баласы Ефрондон талаасынын четиндеги үңкүрдү сиздердин алдыңыздарда толук баасына мага сатуусун сурап берсеңиздер экен.

Бүт шаар эли ошол жерде жыйылып турган. Ефрон ошол элдин арасында эле. Ал баарына угуза:

— Коюңуз, аксакал, талааны үңкүрү менен кошо ушул элдин көзүнчө бекер эле берейин. Сизге белек болсун. Маркумуңуздун сөөгүн кое бериңиз,— деди.

Ибрайым эл алдында таазим этип, Ефронго:

— Акчасын берейин, айтканыма көнүп, алып кой, — деди элге угуза. Ефрон:

— Аксакал, жер көп болсо төрт жүз күмүш дилде турат, экөөбүз үчүн бул бир нерсеге арзырлык акча беле? Маркумуңуздун сөөгүн кое бериңиз,— деди.

Ибрайым аны угуп чыгып, элге угуза айтылган наркты санап берди. Ошентип, ошол талаа, үңкүрү, бак-дарактары жана башка нерселери менен кошо мүлдө хет элинин көзүнчө толугу менен Ибрайымдын карамагына өттү. Кемпири Сарраны ошол жерге көмдү.

Ибрайымдын кулуна берген осуяты
(24:1-10)

Ибрайым жашы өр тартып калды. Теңир аны бардык жактан берекелүү кылды. Күндөрдүн биринде ал башчы кулуна мындай деди:

— Сен азыр уулум Исхакка аялды бул жердиктерден эмес, менин ата- журтума барып, ошол жактан алып берем деп, асман-жердин Кудайынын атын оосанып ант бергин!

— Куп болот, төрөм,— деп жооп берди кулу,— бирок келин бул жакка келгиси келбесечи, анда уулуңду сен чыккан жерге кайтарышым керекпи?

— Антпегин! Уулумду ал жакка кайтарбагын! Мени атамдын үйүнөн, киндик каным тамган жерден алып чыккан, "урук-тукумуңа ушул жерди берем!" деп ант кылган Көк Теңири алдыңан периштесин жиберип, жолуңду ачат. Эгер келин сени менен келгиси келбесе, анда анттан башың бош. Бирок эч качан уулумду ал жакка кайтарбагын!

Кул ант берди. Анан кожоюнунун төөлөрүнөн онду алып, ар түрдүү кымбат-баа буюмдардан артып, бир топ киши менен Месопотамиядагы Нахордун шаарына жөнөдү...

Ибрайымдын кулунун Исхакка колукту табышы
(24:11-61)

Кечке жуук, кыз-келиндер суу алганы чыгаар маалда, төөлөрдү кудуктун жанына токтотту да: "Оо Теңир, кожоюнум Ибрайымдын Кудайы — Кудай таала! Кожоюнума ырайым кылып, келинге бүгүн туш кыла көр. Мына, мен ушул кудуктун жанында турам, кыздар шаардан суу алганы чыгып жатышат. Кимисине: "Кумараңды эңкейтчи, суу ичип алайын" дегенимде, "Ичиңиз, төөлөрүңүзгө да сузуп берейин" дегенин сенден деп билейин",— деп сыйынып турду. Сөзүн аяктай электе бир кыз шаардан кумарасын көтөрүп чыга келди. Ал Нахордун небереси — Рабига эле.

Рабига абдан чырайлуу, эркек колу тийбеген кыз болчу. Ал булакка түшүп келип, кумарасын толтуруп, өйдө жөнөгөндө кул алдынан торой чыкты да:

— Садагасы, бир аз суу ичкизчи, — деди. Кыз дароо ийининен кумарасын түшүрүп, кулдун суусунун кандырды да:

— Төөлөрүңүзгө да сузуп берейин, кангыча ичип алышсын, — деп, калган сууну аштоого куя сала, кайрадан кудукка чуркап кетти. Бу киши үн катпастан, Кудай жолумду ачты бекен деп, кызды таң кала карап турду. Төөлөрдүн суусуну канганда, кызга чоң алтын сырга менен эки билерикти салып, андан:

— Кагылайын, кимдин кызысың, ошону айтчы? Атаңкынан бизге түнөөгө жай табылаар бекен?— деп сурады. Кыз ата-тегин айтып:

— Биздикинде тоют көп, түнөк да бар,— деди. Ошондо Ибрайымдын кулу тизе бүгүп, Теңирге таазим этти. "Менин кожоюнум Ибрайымдын Кудайы — Теңири Кудайга алкыш,— деди бу киши,— кожоюнумдан мээрими менен берекесин аябастан мени түптүз инисиникине апкелиптир".

Кыз болсо бул окуяны жүгүрүп барып, энесине айтты.

Рабиганын Лабан деген агасы боло турган. Ал карындашынын жаңы жасалгаларын көрүп, андан чоочун адамдын сөзүн укту да ага жетип барып:

— Эй, Теңир жалгаган адам, үйгө кириңиз, неге сыртта турасыз? Сизге да, төөлөрүңүзгө да жай даярдап койдум,— деди.

Ошондон соң тигил киши үйгө кирди.

Лабан төөлөрдү жайдактап, отко койду. Анан конокторго суу куюп, тамак тарттырды. Ошондо кул:

— Жөн-жайымды айтмайынча наар сызбайм, — деди.

— Анда кулак сизде.

— Мен Ибрайымдын кулу болом,— деп сөзүн баштады ал,— Теңир кожоюнума береке төгүп, абдан байытты. Төрт түлүк малдан берди, алтын-күмүшкө карк кылды, кул-күңдөрүн көбөйттү. Кемпири карыганда болсо, уулдуу кылып сүйүнттү. Азыр төрөм ошол баласына колундагысынын баарын берген...

Кул Ибрайымга берген антын, бүгүнкү кудуктун мойнундагы окуяны — баарын төкпөй-чачпай айтып келип:

— Эми, төрөмө бир жакшылык кылалы деген ниетиңер болсо, айткыла, болбосо аны да айткыла, мындан ары кайсы жолго түшөрүмдү билип алайын,— деди. Ошондо

Лабан менен Батуил:

— Бул Теңирден экен. Сизге жакшы-жаман дей албайбыз. Рабига алдыңызда турат. Алып кетсеңиз болот. Теңир айткандай, кожоюнуңуздун баласына аял болуп берсин,— дешти.

Ошондо кул Теңирге терең таазим этип, куржунунан алтын-күмүшүн, кийитин алып чыгып, Рабигага берди. Кыздын агасы менен энесин да кымбат баалуу белектерден кур калтырбады. Анан Ибрайымдын кишилери ичип-жеп, жатып калышты.

Кул эртеси туруп, кетүүгө уруксаат сураганда кыздын агасы менен энеси: “Кызыбыз дагы беш-он күн биз менен турсунчу”, — деп өтүнүштү. “Кудай жолумду ачты, эми мени кармабаңыздар, кожоюнума барайын”, — деп кул макул болбоду. Ошондо алар кыздын өзүнөн сурап көрөлүчү дешти да аны чакырып алып: “Кетесиңби бу киши менен?” — деп сурашканда кыз: “Кетем”,— деди. Ошондо алар Рабигага: “Карындашыбыз, сен миң-сандаган урпактардын энеси бол ылайым, балдарың душмандарынын шаарларын ээлешсин!” — деп бата беришип, баккан энеси менен Ибрайымдын адамдарына кошуп, жолго узатышты. Рабига кызматчы кызы экөө төөлөргө минип, тиги кишинин артынан ээрчишти.

Исхак ошол кезде Канандын түштүк жагында турчу. Ал "Кам көргөн тирүү Кудайым100" деген кудуктан кайтып келип, бир аз ой жүгүртүү үчүн күүгүм кирген маалда ачык талаага чыккан. Аңгыча келе жаткан төөлөрдү көзү чалды. Рабига да ай-талаадагы адамды көрүп, төөдөн түшө калып, кулдан:

— Алдыбыздан келе жаткан киши ким? — деп сурады. Кул:

— Кожоюнум, — деп жооп берди. Рабига үлбүрчөгүн ала коюп жамына калды. Кул болсо Исхакка кылган ишин төкпөй-чачпай баяндап берген соң, Исхак Рабиганы маркум энеси Сарранын чатырына киргизди. Ошентип Рабига Исхактын аялы болду.

Исхак Рабиганы берилип сүйүп, энесине болгон кусалыктан жеңилдеди.

Ибрайымдын дүйнөдөн өтүшү
(25:1-10)

Кийин Ибрайым Хеттура аттуу аял алып, андан Зимран, Ёкшан, Медан, Мадиан, Ишбак, Шуах деген балалуу болду.

Иокшандан Шева, Дедан. Дедандан Ашурим, Летушим, Леюмим.

Мадиандан Ефа, Ефер, Ханох, Авида, Елдага.

Ибрайым колундагы байлыгынын баарын уулу Исхакка мурастап берди, ал эми токолдорунан төрөлгөн балдарына белектерди берип, көзү тирүүсүндө эле Исхактын жанынан алысыраак, чыгыш тарапка жөнөтүп жиберди. Ал жүз жетимиш бешке чыгып, өмүргө тоюп, көз жумду. Сөөгүн балдары: Исхак менен Исмайыл энеси Сарра коюлган жерге коюшту.

Ибрайымдын көзү өткөндөн кийин Кудай анын уулу Исхакка батасын берди. Ал "Кам көргөн тирүү Кудайым" кудугуна жакын жерде жашап турду.

Исмаилдин урпактары
(25:12-18)

Исмаилден булар тараган:

Навайоф, Кедар, Адбеел, Мивсам, Мишма, Дума, Масса, Хадад, Фема, Иетур,

Нафиш, Кедма. Исмайылдын урпактарынын он эки уруу башчысы ушулар.

Исмайыл жүз отуз жетиге чыгып, каза болду. Андан он эки көчмөн уруу тарады. Алар Кыбыладан тартып, Египеттин алдындагы Сурга чейинки аралыкты мекендеп, көчүп-конуп, мурда айтылган пайгамбардык сөздөгүдөй агайындарына каршылашып жашашты.

Исхактын урпактары
(25:19-26)

Исхак Рабигага үйлөнгөндө кырк жашта эле. Бирок, Рабига менен жашаганына жыйырма жылдын жүзү караса да аялынын согончогу канабады. Ошондо Кудайга жалынды. Кудай зарын угуп, Рабиганын боюна эгиз бала бүттү. Алар энесинин кардында жатканда эле бири-бири менен тебише баштагандыктан Рабига: "Кокуй, бул эмнеси?" — деп Теңирге сыйынды. "Ичиңде эки уруу эл жатат,— деди ага Теңир,— эки башка эл чыгат, бири экинчисинен күчтүүрөөк болуп, чоңу кичирээгине кызмат кыла турган болот".

Ошентип, Рабига ай-күнү жетип, эгиз төрөдү. Биринчиси бүткөн бою кызыл түк болгондуктан Исав аталды. Экинчиси түгөйүнүн согончогун кармай чыкты. Ага Жакып деген ат коюлду.

Исавдын жеңил ойлуулугу
(25:27-34)

Балдар эр жетти. Исав талаа кезген аңчы болсо, Жакып чатырдан чыкпаган жоош бала болуп өстү. Атасы илбээсин этин жакшы көргөндүктөн, Исавды өзгөчө сүйчү, ал эми Жакып болсо энесинин сүйүктүү баласы эле. Бир күнү Исав аңдан чарчап келсе иниси тамак бышырып жатыптыр. Ал казанда кайнап жаткан көжөнү көрө сала Жакыпка:

— Бол эми, мага бачымыраак мынабу кызылынан берчи, курсагым ачты,— деди. (Ошондон улам ал кийин Едом (мааниси кызыл) аталып калган.)

Жакып ага:

— Алды менен мага тунгучтук укугуңду сат, анан берем,— деди митаамданып.

— Ачкадан өлүп баратам, өлүп калсам туңгучтук энчимден не пайда? Ала бер нары! — деди Исав чыдамы кетип.

— Анда ант бер,— деди Жакып.

Исав ант берип, укугун бир нан менен бир кесе жазымык көжөгө алмаштырды. Жакыптын бергенин жеп алып, кагынып силкинип, ордунан туруп басып кетти.

1-5 бап, 6-10 бап, 11-20 бап, 16-20 бап, 21-25 бап, 26-30 бап, 31-35 бап, 36-40 бап, 41-45 бап, 46-50 бап

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2000 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz