Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

БАШТАЛЫШТАР
(pdf, doc)

Котормого кириш сөз)

Тоорат жыйнагына кирген бул китепте бүт ааламдын, анын ичинде мүлдө адамзатынын түпкү ата-энеси болгон Адам Бул китепте бүт ааламдын, анын ичинде мүлдө адамзатынын түпкү ата-энеси болгон Адам атабыз менен Обо энебиздин жаратылышы тууралуу, жер бетине Кудай тарабынан орнотулган бейиш тууралуу, шайтан тууралуу, түп ата-энебиздин кандайча анын тилине кирип кетип, Кудайдын каарына калгандыгы, бейиштен куулуп, ушул түйшүктүү турмушка кабылгандыгыбыз тууралуу баяндалат.

Андан ары карай окуп олтурсак, эл арасында учкай айтылып жүргөн топон суу, Нук пайгамбардын кемеси жөнүндө кеңири маалыматтарды табабыз. Жер бетиндеги түркүн-түркүн улуттардын, элдердин, тилдердин кандайча келип чыккандыгын көрөбүз. Кудайдын досу атыккан Ибрайым пайгамбардын жашоосу менен таанышып, Кудай менен жакын жашоо үчүн эмнелер зарыл экендигин тууралуу билебиз. Кудайдын Ибрайым пайгамбар аркылуу бизге кандай убада бергендигин окуйбуз. Анын балдары Исхак жана Исмайыл тууралуу маалымат алабыз. Эл майрамдап жүргөн Курман айт майрамынын келип чыгыш тарыхы менен таанышабыз. Жакып пайгамбар тууралуу, анын кандайча Исраил атка конгондугу тууралуу билебиз. Ыйык Китептин негизги каармандарынын катарына кирген Жусуп пайгамбар, Манас, Яхуда жана башка белгилүү инсандардын өмүр баяны менен таанышабыз...

Жогоруда аталып кеткен каармандардын турмушунан өзүбүзгө сабак алып, бул жашоодогу ордубузду, келечегибизди, максатыбызды, муктаждыгыбызды тереңирээк түшүнөбүз. Анда эмесе, кымбаттуу окурман.

Жарыктын жаратылышы
(1:1-5)

Адегенде Кудай таала асман менен жерди жараткан...

Жер жарала электе ааламда башаламандык өкүм сүрүп, жердин орду каңгыpап ээн болуп, сууга толгон туңгуюкту каpаңгылык басып жаткан. Ошол туңгуюктун үстүнөн Кудай тааланын Руху учуп жүргөн.

Анан Кудай таала: “Жаpык пайда болсун!” — деп жаpыкты пайда кылган. Жарык купулуна толуп, аны караңгыдан бөлүп, “күндүз” атаган. Караңгылык болсо “түн” аталган. Кеч кирип, таңаткан.

Бул биринчи күн.

Аба катмарынын жаратылышы
(1:6-8)

Анан Кудай таала: "Туңгуюктун ортосунда катмар болсун да эки жагында калган сууларды бөлүп турсун!" — деген. Айтканы айткандай болгон. Анан астында калган сууларды үстүндөгүлөрдөн ажыратып, ортосуна аба катмарын жараткан да аны "асман" деп атаган. Анан кеч кирип, таң аткан.

Бул экинчи күн.

Жердин жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылышы
(1:9-13)

Анан Кудай таала: “Асман алдындагы суулар бир жерге чогулсун да, кургактык пайда болсун!” — деген. Айтканы айтканындай ордуна келген. Ошондо Кудай таала кургактыкты “жер”, ал эми топтолгон сууларды “деңиздер” деп атаган. Бул жараткандары көңүлүнө абдан жаккан. Ушундан соң Кудай таала: “Жер өз түрүнө жараша, уругунан көбөйө турган өсүмдүктү жана мөмөсүндө уругу бар даракты өстүрсүн!” — деген. Баары Кудайнын айтканындай болуп, жараткан нерселери көңүлүнө жаккан. Ошентип, үчүнчү күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Күн, ай, жылдыздардын жаратылышы
(1:14-19)

Анан Кудай таала: “Күндүздү түндөн бөлүп туруу үчүн, жышаан-белгилер үчүн, мезгилдер, күндөр, жылдарды билдирип туруу үчүн асманда шам-чырактар болсун! Алар асмандан жерге нурун чачып турсун!” — деген. Кудайнын айтканы айтканындай болгон. Ошентип, Кудай таала эки чоң жарыкты жаратып, асманга коюп койгон. Чоңураагын күндүз, ал эми кичинерээгин түндө башкарып туруу үчүн жараткан. Ошондой эле жылдыздарды жараткан. Алар жарыкты караңгыдан, күндү түндөн бөлүп турсун үчүн, ар кандай жышаандар үчүн, күндөр менен жылдарды белгилөө үчүн, күн-түн дебей жер бетин башкарып туруу үчүн жаратылган. Жараткандарынын баары Кудайдын купулуна толгон. Ошентип, төртүнчү күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Суу жаныбарлары менен канатуулар дүйнөсүнүн жаратылышы
(1:20-23)

Анан Кудай таала: “Суу ар кандай жаныбарларды жаратсын, асманда канаттуулар учсун!” — деген. Ошентип, Кудай таала чоң-чоң балыктар менен түрлүү-түрлүү суу жаныбарларын жана канатууларды жараткан. Жараткандары көңүлүнө жагып: “Көбөйгүлө, жер-сууларды толтургула!” — деп аларга батасын берген. Ошентип, бешинчи күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Жан жаныбарлар дүйнөсүнүн жана адамдардын жаратылышы
(1:24-25)

Анан Кудай таала: “Жер түр-түрүнө жараша ар кандай жаныбарларды жаратсын!” — деген. Так ошондой болгон. Кудай таала жараткандарынынын жакшы экенин көрүп, абдан ыраазы болгон. Ошентип, Кудай таала кургакта жашай турган, ар түрдүү, ар кыл жан-жаныбарлар дүйнөсүн жараткан.

Ушундан соң Кудай таала: “Эми, өзүбүздүн образыбыздай, өзүбүзгө окшотуп адам2 жараталы. Алар бүт жер бетине жана жан-жаныбарларга бийлик кылышсын”, — деген да, өзүнүн образындай, өзүнө окшотуп, Aдамды жараткан.

Кудай таала адамдарды эркек жана аял кылып жараткан. “Өркүндөп-өскүлө, көбөйгүлө, жер бетин толтургула, жан-жаныбарлардын баарына бийлик кылгыла”, — деп аларга батасын берген. Анан: “Мен силерге жер бетиндеги уруктай турган өсүмдүктөрдү, жемишинде уругу бар дарактарды жегенге бердим. Ал эми жер бетинде кыбыр эткен жан-жаныбарлар менен канаттуулар чөп жешсин!” — деген. Баары Кудай тааланын айтканындай болгон.

Кудай таала жараткан нерселеринин сонун экенин көргөндө, баары купулуна толуп, абдан ыраазы болгон.

Ошентип, алтынчы күндүн кечи кирип, таңы аткан.

Ыйык күн
(2:1-3)

Асман-жер менен андагылар ушундайча жаратылган. Кудай таалабыз бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алган. Ал күнгө батасын берип, ыйык күн деп жарыялаган.

Бейиш багынын жаратылышы жана адамзат тарыхынын башталышы
(2:4-17)

Асман-жерди Теңир* ушундайча жараткан. Бирок дароо эле жер жайнаган өсүмдүктөр өсүп чыга калган эмес. Анткени жамгыр жаачу эмес, анын үстүнө жерге көз салып, иштеткенге киши да жок эле, тек гана буу көтөрүлүп, бүт жер бетин суугарып турчу.

Теңир адамды топурактан жаратып, ичине демин үйлөгөндө ал тирүү жан болуп тура келди. Чыгыштагы бир жерге бейиш орнотуп, аны ошого жайгаштырды. Анан көрүнүшү татынакай, жегенге жакшы ар кандай дарактарды өстүрдү. Бейиштин так ортосуна өмүр бере турган жана жакшылык-жамандыкты тааныта турган дарактарды өстүрдү.

Эденден бейиш багын суугаруу үчүн бир дарыя агып чыкчу да кийин төрткө бөлүнүп кетчү. Бөлүнүп аккан дарыянын бирөөсү Фисон деп аталып, таза алтындуу, асыл ташка жана акакка бай Кыбыла аймагынан агып өтөт. Экинчиси Гишон деп аталат да Куш жергесиненен агып өтөт. Үчүнчүсү — Тигр, ал Ассириянын чыгыш жагынан өтөт. Төртүнчүсү - айтылуу Евфат дарыясы.

Жерди иштетип, сактасын үчүн Теңир Адамды Эден багына кигизип койду. Анан: “Бардык дарактардын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытуучу дарактын жемишинен жебе! Жеген күнү өлөсүң”, — деп катуу эскертти.

Обо эненин жаратылышы
(2:18-25)

Анан Теңир мындай деди: “Кой, Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес экен, өзүнө окшош жардамчы жаратып берели”.

Теңир топурактан жасалган бардык жан-жаныбарлады Адамдын алдына аткойдуруш үчүн айдап келгенде, ал баарына ат коюп чыкты. Бирок Адам үчүн жер жайнаган макулуктардын ичинен өзүнө ылайык шерик табылбады. Ошондо Теңир аны терең уйкуга салып, бир кабыргасын сууруп алды да, ордундагы этин кайра өстүрүп койду. Кабыргадан аял-кишини жаратып, Адамга алып келди. Ошондо Адам аялды көрүп: “Сөөгүмдөн чыккан сөөк — ушул, этимден чыккан эт — ушул, ошондуктан "аял" атайм, себеби бул эркектен алынды”,— деп абдан сүйүнүп кетти. Ушул себептүү адам ата-энесин калтырат да, аялына кошулат.

Экөө тең жылаңач болсо да, бири-биинен эч уялышкан эмес.

-

Шайтандын азгырыгы жана күнөө
(3:1-7)

Теңир жараткан жапайы жаныбарлардын ичинен эң митаамы жылан болгон. Ал аялга келип:

— Эй, аял, Кудай таала силерге эч бир дарактын жемишинен жебегиле дегени ыраспы? — деди Кудай тааланын сөзүн бурмалай.

— Жок, андай эмес, — аял аны менен сөзгө кирди, — бардыгынан эле жей берсек болот, бир гана бактын ортосундагынын жемишин жей турган болсок, ал тургай колубузду эле тийгизсек өлүп калабыз.

— Койсоңчу, өлбөйсүңөр. Эгер андан ооз тийсеңер, көзүңөр ачылып, жаман-жакшыны айрып-таанып, өзүндөй болуп каларыңарды Кудай таала жакшы билет.

Аял дарактын жемиши жегенге жакшы да, көз жоосун алган кооз да экенин көрдү. Баарынан да билим берери кызыктырды. Анан жемишинен жеди. Күйөөсүнө берип, аны да жегизди. Ошол замат экөөнүн тең көзү ачылды. Жылаңач экенин көрүшүп, анжир жалбырагынан белдерине байлана калышты.

Күнөөнүн кесепети
(3:7-24)

Салкын түшкөн маалда бейишти аралап жүргөн Теңирдин үнүн угуп, экөө тең жашына калышты. Теңир:

— Адам, кайда жүрөсүң? — деп үн катты.

— Бейиштен үнүңдү угуп, коркконумдан жашынып турам, анткени жылаңачмын,— деди Адам дарактын далдаасынан.

— Жылаңач экениңди кимден уктуң? Мен жебе деген дарактан жеген жок белең?

— Сен берген аял берди эле жедим, — деди Адам аялына шылтап. Ошондо Теңир аялга кайрылып:

— Эмне үчүн ушундай кылдың? — деди. Аял:

— Жылан мени азгырып кетти, — деди жыланга шылтап.

Ошондо Теңир жыланга кайрылып: "Жан-жаныбарлардын алдында сага каргыш тийсин, боортоктоп, өлөөр- өлгөнчө чаң жутуп өт! Аял экөөңдү бири-бириңе өч кылам. Аялдын тукуму менен сенин тукумуң бири-бирине душман болот. Ылайым сен анын тукумунун согончогун чагып кал да, анын тукуму болсо сенин башыңды жанча бассын!” — деп каргап салды.

Аялга: “Кош бойлуу кезиңде азап чегип, кыйналып жүрүп, көз жарасың. Күйөөңө байланып, анын кол астында өтөсүң!”— деди.

Адамга болсо мындай деди: “Аялыңын тилине кирип, осуятымды бузганың үчүн сенин айыңан мынабу жер каргышка калды. Эми өмүрүң өткөнчө кыйынчылык менен оокат кыла турган болосуң. Мындан ары жер сага тикенек менен уйгак өстүрөт. Чөп-чар жеп, өзүң алынган топуракка кеткиче, маңдай териң төгүлүп, наныңды табасың. Анткени сен топураксың, ошондуктан кайра топуракка кетесиң!”

Адам ата менен Обо эненин бейиштен куулушу
(3:20-24)

Адам аялына “Өмүр*”деген ат койду, анткени кийин ал бүткүл адамзаттын энеси болуп калды. Теңир Адам ата менен Обо энеге териден кийим жасап кийгизди. “Мына, Адам жакшылык-жамандыкты билип, биздей болуп калды, эми ал өмүр дарагына кол созуп жүрбөсүн. Жемишинен жеп алып, түбөлүк жашап калбасын”,— деди Теңир.

Ошондуктан аларды бейиштен чыгарып салды да Чыгыштагы өмүр берүүчү даракка барчу жолду айланып турган оттуу кылычка жана периштеге кайтартып койду.

Адам ата менен Обо эненин алгачкы балдары
(4:1-16)

Кийинчерээк Адам ата менен Обо эне эки уулдуу болушту. Кенжеси Абыл койчу болуп чоңойду, ал эми улуусу Кабыл болсо дыйкан болду. Бир күнү Кабыл жер-жемиштен Теңирге тартуу апкелди. Абыл да койлорунун төлбашыларынын ичинен семизин тандап апкелди. Ошондо Теңир Абылдын кумандыгын кабыл алды да Кабылдын тартуусун да, өзүн да карабай койду. Буга Кабылдын ичи күйүп, арданып, өңү кумсарды. "Эмне ачууланып жатасың?! — деди ага Теңир, — неге жүзүң кумсарды?! Эгер кылган ишиң жакшы болсо, неге түз карабайсың? Эгер жаман болсо, анда сени күнөө азгырып жатканы, сага бийлик кылгысы келип, жүрөгүңдүң босогосунда турат, бирок сен киргизбей ага үстөмдүк кыл!" [Бирок Кабыл ызасын ичине каткан бойдон калып калды.] Бир күнү инисин талаага ээчитип барды да, өлтүрүп салды.

— Иниң кайда? — деп сурады Теңир ошондон кийин.

— Мен эмне, ага кароолчу белем? — деди Кабыл [корсулдай, күнөөсүн мойнуна албай жашырып]. Бирок Кудай:

— Эмне кылып салдың? Бир тууганыңдын каны жерден мага зарлап жатпайбы. Эми бир тууганыңдын канын жутууга оозун ачкан жердин каргышы сага тиет. Айдасаң талааңдан түшүм ала албай, жерден жер кезген, тентимишке айланасың, — деди.

— Бул ашыкча оор жаза, — деди Кабыл догурунуп, — сен мени бул жерден кубалап жатасың, эми сенин алдыңан башка жакка тентип, жер кезип кетем, анан жолуман чыккандын колунан өлөм.

— Жок, андай болбойт. Сени ким өлтүрө турган болсо, толугу менен кун төлөйт. Теңир ушинтти да аны жолуктурган бирөө өлтүрүп койбосун деген белги салып берди.

Кабылдын урпактары
(4:16-22)

Ошентип, Кабыл Эдендин чыгышында жайгашкан Нод* аталган жерге барып отурукташты. Үйлөнүп, бала-чакалуу болду. Шаар куруп, аны Энох деп баласынын аты менен атады. Энохтон Ирад, Ираддан, Мехиаел, Мехиаелден Мафусал, Мафусалдан Ламех. Ламехтин эки аялы болгон. Ада деген аялынан: Явал менен Ювал. Явалдын балдары чабан болушту. Ювалдын балдарынан музыканттар чыгышты. Зилла деген аялынан: Тубалкаин жана Ноема (кызы). Тувалкаиндин балдарынан темир усталар чыгышты.

Ламех аялдарына мындай деди: "Аялдарым Ада жана Зилла! Сөзүмдү, кунт коюп уккула! Өзүмдү өзүм жаралап, уулумду өлтүрүп алдым. Эми, Кабыл үчүн жети эсе өч алынса, мен үчүн жетимиш эсе алынат".

Шеттин* төрөлүшү
(4:25-26)

Адам ата Кабыл кеткенден кийин дагы бир уулдуу болду. Ошондо Обо эне: "Кабыл өлтүрүп салган Абылымдын одуна Кудай таала башкасын берди", — деп аны Шет атады. Шет да уулдуу болуп, атын Энош койду.

Ошол кез адамдар Теңирге жаңыдан таат ибдат кыла башташкан убак эле.

Адам атанын урпактары
(5:1-32)

Кудай таала адамдарды өз бейнеси боюнча, өзүнө окшош кылып жараткан. Аларды эркек-аял кылып жаратып, ошол күнү ак батасын берип, адам атка кондурган. Адам 130га чыкканда өз бейнеси боюнча, өзүнө окшош дагы бир уулдуу болуп, Шет атаган. Шеттен кийин дагы 800 жыл жашап, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 930 жашка чыгып каза болгон.

Шет 105ке чыкканда Энош туулган. Кийин дагы 807 жыл жашап, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 912 жашында дүйнөдөн кайткан.

Энош 90го чыкканда Каинан төрөлгөн. Каинан төрөлгөндөн дагы 815 жыл жашап, көп уул-кыздуу болуп, 905 жашында каза болгон.

Каинан 70ке чыкканда Малелеил төрөлгөн. Андан соң дагы 840 жыл жашап, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 910 жашында дүйнөдөн өткөн.

Малалеил 65ке келгенде Яред төрөлгөн. Кийин дагы 830 жыл өмүр сүрүп, көптөгөн уул-кыздуу болуп, 895жаш курагында каза болгон.

Яред 162ге чыкканда Энох төрөлгөн. Кийин дагы 800 жыл жашап, көп уул-кыздуу болуп, 962 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Энох 65ке чыкканда Мафусал төрөлгөн. Мафусал төрөлгөндөн кийин Энох (Идрис) дагы 300 жыл Кудай тааланын алдында жашап, көп уул-кыздуу болгон. Бир күнү ал кайып болуп кеткен. Кудай таала аны тирүүлөй асманга алып кеткен.

Мафусал 187ге келгенде Ламех төрөлгөн. Кийин дагы 782 жыл жашап, көп уул-кыздуу болуп, 969 жаш курагында көзү өткөн.

Ламех 182ге чыкканда Нук төрөлгөн. "Теңирдин каргышына калган жерди иштете берип, оор мээнеттен чарчадык, Нук бизге тыныгуу алып келет", деди ал. Нук төрөлгөндөн дагы 595 жашап, 777 жашында каза болгон.

Нук 500гө чыкканда Сим, Хам, Жапас деген үч уулдуу болгон.


1-5 бап, 6-10 бап, 11-15 бап, 16-20 бап, 21-25 бап, 26-30 бап, 31-35 бап, 36-40 бап, 41-45 бап, 46-50 бап

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2010 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz