Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

МУСАНЫН 2-КИТЕБИ: ЕГИПЕТТЕН ЧЫГУУ
(pdf, doc)

Мыйзамдар

(20:22-23:19)

Курмандык чалчу жайга байланыштуу мыйзамдар

Кудай Мусага мындай деди:

1. “Исраилдин балдарына айтып бар: көктөн силерге кантип сүйлөгөнүмдү көрдүңөр. Менин алдымда күмүштөн болобу, алтындан болобу буркандарды жасабагыла! Мага курмандык чалчу жайды мага топурактан жаса. Бүтүндөй өрттөлүүчү же ыраазычылык курмандыгы үчүн апкелген койлоруңар менен өгүздөрүңөрдү ошонун үстүнө койгула. Мага табынуу үчүн дайындалган бардык жерлерге келип, мен силерге батамды берем. Эгерде курмандык чала турган жайды таштан кура турган болсоңор, анда жылмаланган таш колдонбогула. Кескич тиер замат ал ташты арам кыласыңар. Мага курмандык чалчу жайга тепкич жасаба; аны менен чыгып келем деп, этиң көрүнүп калбасын.”

Кулдарга карата мамиле тууралуу мыйзамдар

Мына бул мыйзамдарды аларга жарыя кыл:

2. Эгер сатып алган кулуң еврей болсо, алты жыл иштесин да жетинчи жылы эч нерсе төлөбөстөн азатыкка чыксын. Жалгыз бой келген болсо, жалгыз кетсин. Аялы менен келген болсо, аялы экөө кетсин. Эгер аны сен үйлөгөн болсоң жана сен алып берген аялдан бала-чакалуу болсо, анда аялы менен балдары сенде калсын да, өзү жалгыз кетсин. Эгер ал: “кожоюнумду, аялымды, балдарымды жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм” десе, анда аны табына турган жайга алып кел да эшиктин, же анын кашегинин тушуна тургузуп, кулагын шибеге менен теш. Ошентип, ал сага түбөлүккө кул болсун.

3. Эгер кимдир бирөө кулчулукка кызын саткан болсо, анда кыз үчүн мыйзам башка. Аял эркек кулдардай эркиндикке чыга албайт. Эгерде кыз үйлөнөйүн деген максатта сатып алган кишиге жакпай калса, анда сатып алган киши кыздын атасына аны кайра сатып алууга уруксат бериши керек. Өзү чанган аялды бөтөн элге сатканга акысы жок. Эгерде баласына алып берсе, кызындай көрсүн. Эгер аялынын үстүнө кошуп, дагы аял ала турган болсо, мурункусу тамак-аштан, кийим-кечектен жубайлык мамиледен кур калбасын. Эгерде ушул үч парызды аткара албаса, анда аял эч нерсе төлөбөстөн эркиндикке чыксын.

Зөөкүрлүккө каршы мыйзамдар

4. Кимде ким бирөөнү чаап жиберсе, анан а киши өлүп калса, анда өлүм жазасына тартылсын. Эгер кокусунан, кырсык болуп, Кудайдын буйругу менен анын колунан бирөө каза тапса, анда өлтүрүп алган киши үчүн силердин араңардан качып барып, баш калкалай турган жай дайындап коём. Эгер кимде ким

бирөөнү атайлап, амал менен өлтүрсө, анда андай адам мага курмандык чалчу жайга качып келсе да, өлүм жазасына тартылсын.

5. Кимде ким ата-энесине кол көтөрсө, өлүм жазасына тартылсын.

6. Кимде ким адамды сатуу үчүн же пайдалануу үчүн уурдаса, өлүм жазасына тартылсын.

7. Кимде ким ата-энесин сөксө, өлүм жазасына тартылсын.

8. Эки адам уруша кетип, таш же муштуму менен бирөөсүн бир койсо, ал эми тигил өлбөсө, бирок төшөккө жатып калып, үйүнөн таякчан чыкканга жараса, анда урган кишиси өлүм жазасына тартылбасын да тигинин жумушка жарабай калган күндөрүнүн айлыгы менен дарыланууга кеткен каражатын төлөп берсин. Кимде ким өзүнүн кулун же күңүн таяк менен уруп, мүрт кетирсе, анда жазалансын; бирок алар бир-эки күнгө чейин өлбөсө, анда жазаланбасын, анткени кул анын өзүнүн менчиги. Эгерде адамдар мушташып жатканда бирөөсү боюнда бар аялды уруп жиберсе, анан аялдын боюнан түшүп калса, бирок башка зыян болбосо, анда урган адам ошол аялдын эринин айткан акчасын сот алдында төлөп берсин. А эгер башка зыян келтиргени табылса, анда жанга жан берилсин. Көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут, күйүккө күйүк, жараатка жараат, шишикке шишик төлөнсүн. Эгерде кимде ким кулун же күңүн көзгө муштап, зыян кылса, анда көз үчүн анын башын эркиндикке чыгарсын; эгерде тишин ыргыта койсо, ошол тиш үчүн азат кылсын.

Малга байланыштуу кырсыктар тууралуу мыйзамдар

9. Эгерде бир кишини же аялды өгүз сүзүп өлтүрсө, анда ошол өгүз ташбараңга алынып өлтүрүлсүн; анын этин эч ким жебесин; кожоюну болсо жазага тартылбасын. Эгерде өгүзүнүн сүзөнөөк экенинен кожоюну мурда эле кабардар болуп туруп, кайтарбай койсо, ал эми өгүз бир кишини же аялды сүзүп өлтүрсө, анда өгүз ташбараңга алынып өлтүрүлсүн да кожоюну өлүм жазасына тартылсын. Эгер кожоюндун өмүрү үчүн кун төлөп кутулууга уруксаат кылынса, бычылган кунду төлөп, жанын куткарып алсын. Өгүз сүзүп өлтүргөн адам эркек болобу, ургаачы болобу ушул мыйзам колдонулсун. Эгер өгүз кулду же күңдү сүзүп өлтүрсө, өгүздүн ээси кулдун же күңдүн ээсине отуз күмүш теңге төлөп бериши керек; өгүз болсо таш бараңга алынып, өлтүрүлсүн. Эгерде бирөө чуңкурдун үстүн ачып таштап, же казган чуңкурунун үстүн жаппай койсо, анан ага бирөөнүн өгүзү же эшеги түшүп калса, анда чуңкурдун ээси малдын ээсине төлөп бериши керек. Малдын өлүмтөсү болсо чуңкурдун ээсинде калат. Эгерде бирөөнүн өгүзү коңшусунун өгүзүн сүзүп өлтүрсө, тирүү өгүздү сатып, акчасын экөө тең бөлүп алышсын; өлгөн өгүздүн этин да тең бөлүшсүн.

Эгер өгүздүн сүзөөнөктүгүн кожоюну мурдатан эле билсе, бирок кайтарбаса, анда сүзүп өлтүргөн өгүздүн кунуна өзүнүн өгүзүн берсин, ал эми өлгөн өгүз аныкы болот.

Уурулукка, аманатка, бирөөнүн мүлкүнө келтирилген зыянга байланыштуу мыйзамдар

10. Кимде ким өгүз же кой уурдап, союп салса, же сатып жиберсе, анда бир өгүз үчүн беш өгүз, бир кой үчүн төрт кой төлөп берсин. Эгерде бирөө түндө ууруулук кылыш үчүн үйдүн түбүн казып атканды уруп жиберсе жана ал өлүп калса, анда уурунун каны үчүн ал жооптуу эмес; бирок күндүз ушундай кылса айыптуу болот. (Ууру уурдаган нерсесин төлөп бериш керек. Эгер төлөөргө эч нерсеси болбосо, анда ууруну уурдаган нерселеринин куну үчүн сатыкка салышсын.) Эгерде уурдап алган мал: өгүз болобу, эшек болобу, кой болобу уурунун колунан тирүү табылса, ууру эки эселеп төлөп берсин.

11. Кимде ким бирөөнүн талаасына же жүзүмзарына малын коё берип, тепселетсе, анда өзүнүн талаасы менен жүзүмзарынын эң мыкты жеринен төлөп берсин. Эгер бирөө от жакса, анан ал от куу тикендерге жармашып, анан боолорго, түшүмгө же талаага өтүп кетсе, анда от жаккан киши чыгымдын баарын төлөсүн.

12. Эгер кимде ким бирөөнүн аманатка калтырган акчасын же буюмун үйүнөн уурдатса жана ууру табылса, анда ууру эки эселеп төлөп берсин. Эгер ууру табылбаса, анда үйдүн ээси соттун алдына келип, бирөөнүн акчасына тийген жокмун деп касам ичип, ант берсин. Кандай гана талаш иш болбосун: өгүзгө байланыштуубу, койгобу, кийимгеби, кандайдыр бир жоголгон буюмду кимдир бирөө “бул меники” деп талашкан ишке байланыштуубу - баары сотто каралыш керек. Соттор кимди айыптуу деп тапса, ал боордошуна эки эселеп төлөп берүүгө тийиш. Эгер кимде ким бирөөдөн аманатка эшек, өгүз, кой же башка бир малды алган болсо, анан ошол алган малы өлүп калса, же майып болсо, же бирөө айдап кетсе жана айдап кеткенин көргөн эч ким болбосо, анда аманат алган киши Кудай алдында боордошунун малын уурдаган жокмун деп ант берсин. Бул антка малдын ээси ишенип, кабыл алыш керек, ал эми ант берген киши төлөөгө милдеттүү эмес. А эгер аманатка алган малды уурдатып жиберген болсо, малдын ээсине төлөп берсин. Эгер малды жырткыч тытып кеткен болсо, анда буга далил катарында тарпын алып келсин. Жырткыч тытып кеткен үчүн ал төлөп берүүгө

милдеттүү эмес. Эгерде бирөө боордошунан ижарага кандайдыр бир мал алып, анан аны ээсинин көзү жок учурда майып кылып койсо, же мал өлүп калса, анда төлөп берсин. Эгер бул учурда малдын ээси бар болсо, анда төлөөгө милдеттүү эмес. Эгер малды кандайдыр бир суммадагы акча төлөп, ижарага алган болсо, ошол акча малдын куну катары эсептелсин.

Жүрүш-туруш, адеп-ахлакка жана динге байланыштуу мыйзамдар

13. Эгер кимде ким никеге тура элек кыздын башын айлантып, жатып койсо, анда ага калың төлөп берип, аялдыкка алсын. Эгер кыздын атасы ага кызын берүүгө макулдугун бербесе, анда кыздарга бериле турган калыңды төлөп бериши керек.

14. Сыйкырчы өлтүрүлсүн.

15. Мал менен жыныстык катнаш кылган адам өлтүрүлсүн.

16. Жалгыз Жараткан Эгеңерден башка кудайларга курмандык чалган адамдын көзүн тазалагыла.

17. Келгинди кысымга алба да аны эзбе, анткени бир кезде Египет жергесинде өзүңөр да келгин катары жашагансыңар.

18. Жетим-жесирлерди кысымга албагыла. Эгерде аларды кысымга ала турган болсоңор, алар мага зарлайт, ошондо мен алардын зарын угам да, каарданып, силерди өлтүрөм, анан өзүңөрдүн аялдарыңар жесир болуп, балдарыңар жетим калышат.

19. Эгерде менин элимдин арасындагы кембагал бирөөгө карызга акча берген болсоң, анда аны кысмакка ала бербе да, үстүнө үстөк кошпо.

20. Эгер боордошуңдун кийимин күрөөгө алган болсоң, күн батканча аны кайтарып бер. Анткени кийим анын жалгыз жамынчысы, денесин жапканы. Ансыз боордошуң кантип уктамак эле? Ошондуктан ал мага зарлап жибергенде мен анын үнүн угам, анткени мен боорукермин.

21. Сотторду жамандаба! Элиңдин башчыларына тил тийгизбе!

22. Кырманың менен шире сыккыч жайыңдагы алгачкы жемишиңди мага кечеңдетпестен алып кел. Тун уулдарыңды мага бер. Өгүзүңдүн да, коюңдун да биринчи төлүн мага арна. Жети күн энесинин жанында болушсун да сегизинчи күнү мага алып кел. Ошондо менин ыйык элим болосуңар.

23. Талаадан жырткыч тытып кеткен этти жебегиле, аны иттерге таштагыла.

Адилеттүүлүк жана чынчылдыкка байланыштуу мыйзамдар

24. Ушакка кирбе да бузукунун сөзүнө кошулба. Көпчүлүктүн артынан ээрчип, жамандыкка барба, аларга кошулуп, адилеттике жатпаган жалган күбөлүккө өтпө. Талаш иште кембагалдын укугун тепсеп, бет карамалык кылба.

25. Эгерде касташкан кишиңдин адашып кеткен өгүзүн же эшегин таап алсаң, ага айдап келип бер. Эгерде анын өгүзү же эшеги жүгүн көтөрө албай, жатып калган болсо, анда аны көз жаздымда калтырба, аны менен кошо жүгүн чечиш.

26. Сотто кембагалды укугун тепселебе. Адилетсиздиктен оолак бол, айыпсыз менен ак адамды өлүм жазасына тартпа, анткени мен мыйзамсызды актабаймын. Пара алба, анткени белек-бечкек дегениң көздүүлөрдүн көзүн кашайтып, адилеттүүлөрдүн ишин бузат.

27. Келгинди кысымга алба: силер келгиндин жандүйнөсүн жакшы билесиңер, анткени өзүңөр да Египетте келгин болгонсуңар.

Эс алуу жылы жана күнү тууралуу мыйзам

28. Талааңа алты жыл эгин эгип, түшүмүн жыйна, жетинчи жылы болсо эс алдырып, тим кой, элиңдин арасындагы бей-бечаралар азыктанып, алардан калгандарын жырткычтар жешсин. Жүзүмзарың менен, май дарактарыңды да ушундай кыл. Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал; өгүзүң, эшегиң, үйүңдө төрөлгөн малайың жана келгин дем алып алсын.

29. Мен айткандардын баарын сактагыла! Башка кудайлардын аттарын атабагыла, алардын аттары оозуңардан чыкпасын!

Үч улуу майрам тууралуу мыйзам

30. Жылына үч жолу менин урматыма майрам өткөр:

1) Авив айында, мен айткандай кылып, жети күн бою ачытылбаган нан жеп, Калама майрамын майрамда. Силер бул айда Египеттен чыккансыңар. Эч ким менин алдыма кур кол келбесин.

2) Талаага эккен ар кандай эмгегиңдин биринчи түшүмү үчүн Түшүм майрамын өткөр.

3) Күзүндө болсо, талаадагы түшүмүңдү жыйнап бүткөндө Чөп Алачык майрамын майрамда.

Жылына үч мертебе элиңдеги эркек аттуунун баары Жараткан Эгеңдин алдына табынууга келиши керек.

31. Мага арналып чалынган курмандыктын канын ачытылган тамактын үстүнө куйбагын жана майрамда мага аталган курмандыктын этин таңга чейин калтырба.

32. Жериңдеги түшүмдүн алгачкы жемиштерин Кудай Эгеңдин ыйбадатканасына алып кел. “Улакты энесинин сүтүнө бышырба.”

Курмандыктар жана тартуулар тууралуу

(25:1-9)

Жараткан Эге Мусага мындай деди:

“Исрайылдын балдарына айт: мага тартуу-белектерин алыпкелишсин. Мага чын жүрөктөн белек алып келген ар бир адамдын татуусун кабыл кылгыла. Алтын, күмүш, жезди, көгүш, кара кочкул, пушту түстөгү жүндөрдү, ак шайы кездемелерди123, кой-эчкинин кызыл, көк түстөгү терилерин, алтыгана дарагын, шамдалга куюлуучу жана түтөтүлүүчү жыттуу майды, оникс ташын жана диний кызматкердин кемсели менен төш калтасына тагыла турган асыл таштарды. Силер алардан ушул тартууларды кабыл алышыңар керек. Элдин арасында жашап турушум үчүн алар мага ыйык үй жасашсын.”

Күнүмдүк курмандыктар тууралуу

(29:38-46)

Жараткан Эге Мусага мындай деди: “Күндө үзгүлтүксүз түрдө бир жашар эки эркек козудан мага курмандык чал. Бирөөн эрте менен, экинчисин кечинде. Биринчи козу менен кошо таза олива майынын чейрегине жуурулган бир литрдей жакшы буудай ун алып кел. өстүнө тартуу катары шараптын чейрегин куй. Экинчи козуну кечинде алып кел да ошол эле өлчөмдөгү унду, майды жана шарапты кошо тартуу эт. Бул Эгеңер болгон мага арнаган тамак курмандыгыңар, анын жыты мага жагат. Укумдардан тукумдарга ушул өрттөлүүчү курмандык ыйык үйдүн кире беришинде мага тартуу кылынып турушу керек. Ошол жерден мен эл менен жолугушуп, силерге сүйлөйм.”


Кудай үйүнө төлөнүүчү акылар

(30:12-16)

Жараткан Эге Мусага мындай деди: “Исрайылдын балдарын эл каттоодон өткөргөнүңдө ар бири өз жаны үчүн кун төлөсүн, ошондо катоо жүрүп жатканда ар кандай коркунучтуу дарттар аларга жармашпайт. Каттоого кирген ар адам белгиленген суммадагы акча берүүгө тийиш. Мага курмандык катары ар бир адам муну берүүгө милдеттүү. Катоодон өтүп жаткан жыйырма жаштан өйдө ар бир эркек ушул сумманы мага төлөшү керек. Өз жанынын куну катары ушул курмандыкты берип жатканда бай ашык бербесин, кедей кем бербесин. Ушул Исрайылдын уулдарынын куну катары берилген курмандыкты жыйнап ал да ыйык үйдүн керегине жумша. Бул салык алардын өмүрүнүн куну болот да, мен аларды коргош үчүн эсиме салам.”

Башталышы|Он осуят

      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2010 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz