Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

ЖАХАН ЭЛЧИНИН 3-КАТЫ
(pdf, doc)

Кат башы
(1-4)

Карыя астейдил берилип сүйгөн урматтуу Гаюска салам айтат...

Кымбаттуу Гаюс, сенин рухий жашооңдо болуп жаткан ийгиликтердей эле ал-ахвалыңдын жакшырып, сак-саламат болушуңду тилейм. Силерге барып келген бурадарлардан Кудайдын чындыгына бар ыкласың менен берилип, ошол чындыкка баш ийип жашап жатканыңды айтышканда кубанычым койнума батпай кудуңдадым. Мендей карыя үчүн ишенимдеш бaлдарымдын ак жашап жатканын уккандан артык кубаныч барбы?

Гаюстун кызматы
(5-8)

Кымбаттуу Гаюс, сапардагы боордошторубузга кызмат өтөп атыпсың, мунуң эң жакшы. Алар мага келишип, сенин сүйүүңдү жамаат чогулганда саймедиреп беришти. Сенин бул ишиң Кудайга жагат! Мындан ары да сапардагы боордошторубузга жардам бергениңди эч таштаба. Aлар кудайсыздардан эч нерсе алышпастан, Теңирибиздин ысмы үчүн сапарга чыгышкандар. Андыктан мындай боордошторубузду колдоо жоопкерчилигин мойнубузга алышыбыз абзел. Ошондо биз Акыйкаттын чыныгы кызматчыларынан болобуз.

Мансапкорлук жана Кудайга кызмат
(9-12)

Мындан мурда да мен силер жактагы жамаатка кат жазган болчумун. Бирок силердеги башкарганды сүйгөн мансапкор Диотрефес аны таназарына албай койду. Эми барсам, анын кылган иштеринин баарын: бизди сөккөнүн, калп айткандарын, анысы аз келгенсип бурадарларыбызды же өзү кабыл албай, же кабыл алгысы келгендерге уруксат бербей, бут тосуп, атүгүл жамааттан чыгарып жаткандыгын эсине салам.

Кымбаттуу Гаюс, сен жамандыкты эмес жакшылыкты туура. Ким жакшылыкты жасаса, ал Кудайдан. Ким жамандык жасаса, ал Кудайды таанып-билген эмес.

Деметриос тууралуу баары жакшы ойдо. Анын акыйкатка шай келген жашоосу мунун тастыктап турат. Ал тууралуу биздин да пикирибиз жакшы. Сен биздин чындыкты сүйлөй турганыбызды билесиң.

Соңку сөз
(13-15)

Айтайын деген сөзүм көп. Ошондуктан калем сап менен сыя челекти чокуп олтургандан көрө, буюрса, жакын арада жүзүңдү көрүп, сени менен маңдай тескей олтуруп алып, чер жазышсам деп самап жүрөм. Андыктан аманчылыгыңды тилеп, катымды аяктайм.

Сага бул жактагы досторуңдан салам.

Жаныңдагы досторубуздун ар биринин атын атап, бизден салам айтып чык.


      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2010 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz