Ru  En

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ
Матайдын кабары
Марктын кабары
Луканын кабары
Жахандын кабары
Элчилердин иштери
Римге кат
Коринфке 1-кат
Галатага кат
Эфеске кат
Филипияга кат
Колосага кат
Салоникага 1-кат
Салоникага 2-кат
Тимотейге 2-кат
Титке кат
Филемонго кат
Жакыптын каты
Петирдин 1-каты
Петирдин 2-каты
Жахандын 1-каты
Жахандын 2-каты
Жахандын 3-каты
Яхуддун каты
Жаханга көрүнгөн аян

ЭСКИ КЕЛИШИМ
Башталыштар
Египеттен чыгуу
Даталар 1, 2, 3
Забур
Акылмандык
Ашыктык ыры
Иcаия пайгамбар
Амос пайгамбар
Абди пайгамбар
Жунус пайгамбар
Нахум пайгамбар
Акай пайгамбар
Закария пайгамбар
Малахия пайгамбар
Download Bible

ЖАХАН ЭЛЧИНИН 2-КАТЫ
(pdf, doc)

Котормочудан кириш сөз

Жахан элчи бул катын машаяк илимин бурмалаган жалган окуутуучулардан коргоо максатында ишенүүчүлөр жамаатына жазат. Ошол убакта ар кандай тышкы кырдаалдарга байланыштуу Жахан “мырзайым” деп жамааты, ал эми анын мүчөлөрүн “балдары” деп атаса керек.

Кат башы

(1-3)

Карыядан сүйүктүү Мырзайымга жана анын балдарына салам кат. Мен Сизди чын жүрөктөн сүйөм. Жалгыз мен эле эмес, Акыйкатты билип калгандардын баары Сизди сүйүшөт. Себеп дегенде арабызда Акыйкаттын өзү өмүр сүрүп жатат, ал акыретте да түбөлүк биз менен болот.

Ата менен анын акыйкатта сүйгөн Уулу Иса Машаяк баарыбызга ырайымын төгүп, сүйүүсүнө бөлөп, ырыс-ынтымагын берсин.

Чындык жана сүйүү

(4-6)

Атабыз осуяттагандай акыйкат жолунда жүргөн балдарыңызды көргөнүмдө өтө сүйүндүм. Ошондуктан, сүйүктүү Мырзайым, азыр Сизден бир нерсени көптөн көп сурана кетейин: биз бири-бирибизди сүйөлү. Мен Сизге жаңылыкты жазып жаткан жокмун. Менин жазып жатканым: баарыбызга башынан эле белгилүү болгон байыркы буйрук. Сүйүү дегеним — бул Кудайдын буйруктарына баш ийип өмүр сүрүү. Өзүңүздөр деле тээ башында укканыңыздардай ал сиздерге сүйүүдө жашоону осуяттап кеткен.

Адаштыруучулардан абайлагыла

(7-11)

Адам кейпинде келген Иса Машаякты таанып-билбеген азгыруучулар ааламга жайнап кетти. Алар адаштыруучулар жана Машаяктын кас-душманы. Кылган эмгегиңиздер талаага кетпей, сыйлыкты толугу менен алуу үчүн өзүңүздөргө этият болуңуздар!

Машаяктын окутуусу боюнча жашабай, аны бурмалаган адамда Кудай жок. Ким Машаяктын окутуусу боюнча жашаса, анда Ата да, анын Уул да бар.

Машаяктын окутуусун алып келбегендерди үйүңүздөргө кабыл албаңыздар, атүгүл андайлар менен учурашпаңыздар. Алар менен учурашкандык — алардын бузуку иштерине шериктештик.

Кат аягы

(12-13)

Сиздерге айтайын дегеним көп. Ошондуктан сыя менен папирусту чукулап олтурбастан араңыздарга барып, жүз көрүшүп, маңдай-тескей олтуруп алып Сиздер менен чер жаза маектешсем деп дегдеп келем.

Сүйүктүү сиңдиңиздин балдарынан Сизге чоң салам.


      РЕСУРСТАР
      Жараткан Кудай ким?
      Иса Машаяк ким?
      Ким мени куткарат?

      Audio
      Photo
      Video
      Кыргызча Библия
      Библия на русском
      Download Bible
      Пайдалуу кеңештер
      Суроо-жооптор
      Глoссарий
           


© 2010 Bishkek, Kyrgyzstan

Hosted by uCoz